Адам ДНКсын өзгөртүү сынга кабылды

28 ноября 2018 Адам ДНКсын өзгөртүү сынга кабылды

Бир күн мурда кытайлык окумуштуу адам эмбриондорунун гендерин тарыхта биринчи жолу өзгөрткөнүн жарыялаган. Илимпоздун мындай билдирүүсү генетиктер арасында чуу жаратты. Көптөгөн окумуштуулар мындай ачылыштын этикалык тарабы эске алынбаганын айтып, сынга алышты.

Генетика илиминдеги чуу

Интернетте жарыяланган ачык катта окумуштуулар адам эмбриондорунун гендерин CRISPR-Cas9 технологиясы аркылуу өзгөртүү кооптуу жагдайларды жаратып, Кытайдагы биомедициналык коомдун өнүгүшүнө жана аброюна шек келтирерин жазышкан.

120 илимпоз кол койгон катта “Пандоранын үкөгү ачылып калды. Эми такыр кеч болуп кала электе аны жаап жетишебиз деген үмүтүбүз бар” деп белгиленет. Каттын көчүрмөсү Кытайдын “The Paper” маалымат агенттигинде жарыяланды.

Хэ Цзянькуй доцент болуп эмгектенген Шэньчжэндеги Түштүк илим жана техника университетинин жетекчилиги сөз болуп жаткан изилдөө тууралуу кабарсыз болгонун жана окумуштуу февраль айынан бери акы төлөнбөнгөн эс алууда экенин билдирди.

Кытайдын Саламаттык сактоо боюнча улуттук комиссиясы дүйшөмбүдө тараткан өз билдирүүсүндө бул иликтөө боюнча тынчсызданып жатканын кабарлап, провинциалдык тиешелүү жетекчилерге «маселени токтоосуз иликтеп, түшүндүрмө берүүнү» тапшырды.

CRISPR-Cas9 – бул окумуштууларга адамдын ДНКсын өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк берген технология. Ал генге кийлигишүү менен организмде ооруларга туруштук бере ала турган жөндөмдү пайда кылууга багытталган. Бирок анын коопсуздугу жана этикалык тарабы боюнча тынчсыздангандар көп.

- Бул процедура чындап коопсуз экенин далилдеп, негиздеш үчүн биз бул багытта дагы көп эмгек кылышыбыз абзел. Азырынча бул технологияны колдонуп, бала төрөлчү убакыт келе элек. Азырынча мындай процедураны жасоо эрте, - дейт Пенсилвания университетинин профессору Киран Мусунуру. Илимпоздордун нааразы болушуна Хэ өз эксперименти тууралуу илимий журналдарга жарыялабастан массалык маалымат каражаттарына чыгарып жибергени да түрткү болду.

Хэнин ачылышы

Кытайлык окумуштуу Хэ Цзянькуйдун айтымында, анын иликтөөсүнө жасалма уруктандыруу аркылуу балалуу болууну көздөгөн жети түгөй катышкан. Илимпоз алардын түйүлдүктөрүнөн алынган эмбриондордун ДНКларын өзгөртүүгө аракеттенген. Бирок натыйжада бир гана түгөйгө тиешелүү эмбриондордун ДНКсы өзгөргөн.

Ноябрь айында гени өзгөртүлгөн эгиз кыздар жарык дүйнөгө келишти.

“Мен билем, бул балким дүйнөдөгү эң алгачкы тажрыйба болуп калышы мүмкүн. Ошондуктан эгер ал коопсуз болсо же кандайдыр маселе жаратса, бул тармакка чоң кедергиси тийиши ыктымал жана адамдар жөн гана жаңы технологияга ишенбей калышы мүмкүн”, дейт Хэ Цзянькуй.

Хэ Цзянькуй атайын технологиянын жардамы менен өзгөрткөн, CCR5 деп аталган ген эгиз кыздарды ВИЧ илдетинен коргойт. Окумуштуунун айтымында, анын максаты - тукум кууган ооруларды айыктыруу же алардын алдын алуу эмес, адам организминдеги илдеттерге туруштук бере ала турган жөндөм жаратуу. Эгер профессор Цзянькуйдун иликтөөсү тастыкталса, бул илимдеги чоң ачылыш болуп калмакчы. Анткени буга чейин мындай эксперименттер АКШда жана башка өнүккөн мамлекеттерде адамзаттын үстүнөн жасалган иликтөөгө барабар деп эсептелип, тыюу салынып келген.

Профессор Хэ Цзянькуйдун аты илимий чөйрөдө кеңири белгилүү. Ал бир топ жыл Кошмо Штаттарда билим алып, Техастагы Райс университетинде докторлук диссертациясын жактаган. Андан кийин эки жыл Стэнфорддо иштеп, Кытайга кайтып барган. Ал өз иликтөөсү тууралуу шаршембиде Гонконгдо ачыла турган саммитти утурлай жарыялады. Адамдын геномун өзгөртүүгө арналган экинчи эл аралык саммитте быйыл эксперттер "Адамзатка өз генетикалык кодуна кийлигишүүгө убакыт келдиби? Эгер убакыт келсе аны кандай жол менен ишке ашыруу керек?” деген суроолорго жооп табууга тийиш.

"Супер адамдардын" убактысы келдиби?

Маркум физик, дүйнөгө таанымал астролог Стивен Хокингдин жакында эле жарыкка чыккан "Олуттуу суроолорго кыска жооптор" деген китебинде окумуштуу илимдин буга чейин болуп көрбөгөндөй тез өнүгүшү XXI кылымдын аягына чейин эле адамдарга өз ДНКсын оңдоп-түзөп алууга мүмкүнчүлүк берерин жазган.

Хокингдин пикиринде, бул өз кезегинде эстутуму эң мыкты, ооруларга туруштук бере алган, интеллекти күчтүү "супер адамдардын" жаралышына алып келиши ыктымал.

Окумуштуу бул келечектин процесси өтө кымбат турарын боолголоп, “акчалуулар гана "супер адамдарга" айланып, ал эми кедей-кембагалдар алар менен атаандаша албай, адамзаттын арасында чоң бөлүнүү келип чыгышы мүмкүн” деп кооптонгон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

 

https: azattyk.org, фото - Shutterstock