Гуанчжоуга Кыргызстандын жаңы консулу дайындалат. Талапкер тууралуу

28 ноября 2018 Гуанчжоуга Кыргызстандын жаңы консулу дайындалат. Талапкер тууралуу

Дипломат буга чейин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Чыгыш өлкөлөр департаментинин Чыгыш бөлүмүн жетектеп келген.

 Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети Кытайдын Гуанчжоу шаарына башкы консулдукка Искендер Орусбаевди дайындоого макул болду.

Комитетте тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков сүйлөп, Орусбаевдин талапкерлигин көрсөткөн.

50 жаштагы дипломат буга чейин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Чыгыш өлкөлөр департаментинин Чыгыш бөлүмүн жетектеп келген.

Мыйзам боюнча элчи же консулдук кызматка көрсөтүлгөн талапкерди бекитүүгө комитеттин макулдугу жетиштүү. Жарлыкка президент кол коет.



Дагы: sputnik.kg, фото - © Sputnik / Табылды Кадырбеков