Сасык тумоо күчөдү. Министрлик оорудан сактануу боюнча коңгуроо какты

28 ноября 2018 Сасык тумоо күчөдү. Министрлик оорудан сактануу боюнча коңгуроо какты

Оорунун эпидемия болуп кетишин алдын алуу максатында кошумча койкалар коюлду.

Саламаттык сактоо министрлиги грипп жана сасык тумоо ооруларынын алдын алуу боюнча даярдыкты күчөтүп, кабыл алуу бөлүмүндөгү дарыгерлердин санын көбөйттү. Бул туурасында аталган министрликтен кабарлашты.

Маалыматта бул жайларда күндүзү 6-8, ал эми түндө 4, эс алуу, майрам күндөрү 5ке чейин дарыгер иштеп жаткандыгы айтылды.

"Балдардын шаардык клиникасына Тез жардам менен суткасына 500гө чукул бейтап кайрылууда. Ал жерде күнү-түнү кабыл алуучу төрт бөлүмдө алты дарыгер иштеп жатат. Алардын экөө педиатр, травматолог, лор-дарыгер жана хирург", — деп билдиришти министрликтен.

Улуттук госпиталдын токтоосуз жана пландык түрдө жардам көрсөтүү бөлүмүн санитардык транспорт менен камсыздоо, зарыл болгон дары-дармек менен жетишерлик кылып жабдуу каралган.

"Алдын алуу иштерин күчөтүү жана элдин арасындагы ооруну турукташтыруу максатында министрлик тендер жарыялап, "Гриппол плюс" вакциналары сатып алынган. Андан сырткары, гриппке каршы вакциналарды киргизүү долбоорунун алкагында 70 000 дозадагы эмдөөчү каражат алынган. Учурда эмдөө иштери жалпы республика боюнча өтүп жатат", — деп билдирди министрликтин маалымат кызматы.

Мындан сырткары, вакцина алууну каалагандар Бишкек шаарындагы мамлекеттик (№6,8 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору) жана медициналык жеке борборлорго ("Гиппократ", "Малыш", "Кроха", "Цадмир", "Поликлиника 312") кайрылса болот. Эмдөөнүн баасы маалыматта 500дөн 650 сомго чейин экендиги айтылды.



Дагы: sputnik.kg, фото - © Фото - Газета "Якутск вечерний"