Индиялык кыз спорт залы жок эле кантип 34 кг арыктаганын айтып берди

7 октября 2020 Индиялык кыз спорт залы жок эле кантип 34 кг арыктаганын айтып берди

Индиялык кыз спорт залга баш бакпай эле 34 килограмм арыктаганын Times of India басылмасы жазды.

Ал ашыкча салмактан сегиз айда арыла алган. Бою 160 сантиметр болгон кыздын салмагы 96 килограммга чейин жетип кеткен.

Кыз ашыкча салмактын айынан санаа тартып, айланасындагылардын да шылдыңына кабылып жүргөн. Арыктайм деген чечимди олуттуу түрдө кийимдери батпай калганда кабыл алган.

Ошондон тарта индиялык кыз тамакты мүнөздөп ичип, азыкты үйдөн гана жасаган. Эртең мененки тамакка жер-жемиш, ботко же күрүчтөн тамак жесе, түштөнүүгө салат, жасмык шорпо, быштак жана жапма нан менен курсагын тойгузган.

Ал эми кечки тамакка салат же шорпо ичкен. Эгер түштөнүүдө нык тамактанса, шам-шум эле этип койгон.

Ошондой эле кээде жөө басып, планка көнүгүүсүн жасап коюп турган. Жеңил машыгуулардын алдында көк чай, аягында суу ичкенин айткан.

Мындан сырткары, анда-санда шоколад жеп коерун жашырган эмес. Күнүнө үч литрден кем эмес суу ичет, ал эми уктаарда куркума кошулган бир стакан сүттү жутуп жатат.

Соңунда ал арыктайм дегендерге аз убакытта жыйынтык күтпөөгө кеңеш берген.

sputnik