12 жыл лотерея ойноп байыган эркек киши сыры менен бөлүштү

1 октября 2020 12 жыл лотерея ойноп байыган эркек киши сыры менен бөлүштү

Миссури штатындагы Джефферсон-Сити шаарынын жашоочусу 12 жыл лотерея ойноп, джекпот утуп, ийгилигинин сыры менен бөлүштү.

Дэн Домф 2008-жылдан баштап лоторея ойноп келе жатканын айтат. Анын айтымында, оюндун жүрүшүндө ал 2-21-27-33-39 сандарынын окшош комбинациясын колдонот. 8-сентябрда ал дагы бир жолу утуш оюнуна катышып, 50 миң доллар утуп алган.

Эки жыл мурда Домф лотереяда жеңүүчү аталып, 19 миң долларга байыган.

Акча каражаттары Домфко коммуналдык эсептерин төлөөгө жана аны кызыктырган жыгач иштетүүчү шаймандарды сатып алууга мүмкүндүк берет.

“Менин жаңы хоббим пайда болду. Эми мен пенсияга чыга турган убакыт келгенде эмне менен алектеништи билем”, - дейт Домф.