Аял жыныстык катнашты каалап жатканын кантип билдирет

1 октября 2020 Аял жыныстык катнашты каалап жатканын кантип билдирет

Аял эч качан “Төшөккө...” дебейт... Ооба, аял деген табиятынан сырдуу келет. Анын маанайы эмне үчүн бир заматта бузуларын, кандай учурлар кубандырарын эркекке түшүнүү кыйын.

Айрыкча аялдын кайсы учурда дене лаззатын алгысы келерин жана даяр экенин билүү эркектер үчүн өтө кыйын болсо керек.

Анда эмесе аялзатынын дагы бир тарабын байкап көрбөйсүзбү? Аялдардын кандай “белгиси” аркылуу анын дене жакындыгын каалайт экенин билүүгө болот?

Сыртынан байкаңыз

Эркектин баары аялдын сырткы келбетине көңүл бурбай коё албаса керек, ээ?! Ушул учурда дагы бир аз жакшылап көңүл бурсаңыз, анын сизге жагууга аракет кылганын байкоого болот. Мисалы, күндөгүдөн моюну ачык кофта же этеги кыска көйнөк, жамбаш же көкүрөккө чапташкан кийим кийиши мүмкүн.

Аялды түшүнгүң келсе, мимикасына көңүл бур

Аялды угуп эле олтура бергенден эчким эч нерсе түшүнө албайт. Анын жүзүнө карап, мимикасына да маани берүү керек. Эрдин тиштегилесе, каштары ойноктоп турса, көз албай кадала караса, караган сайын күлүмсүрөй берсе, анда ошол түнү ал жыныстык катнаштан баш тарта албай турганын билдирет. Бирок, ага чейин маанайын түшүрө көрбөңүз.

Белги бериши мүмкүн

Ага да көңүл буруңуз. Эркек түшүнүп үлгүргөнчө ал бир нече жолу белги бериши мүмкүн. Мисалы, чай чыныны акырын сунуп жатып күлүмсүрөй караса, жакындашууну каалагандын белгиси. Ошондой эле кечки тамак үстүндө сиз менен тамашалаша баштайт. Сиздин адатта анын нервине тийген ар бир тамашаңыз да ошол күнү кызыктуу болушу мүмкүн. Аял жөн жерден тамашалашпайт. Мындай учурду колдон чыгарбаш керек.

Тазалыктан баштайт

Уктоочу бөлмөгө бир көз жүгүртүп коюңуз. Бүгүн балким төшөктөрдүн шейшеби өзгөрүп, коозуна алмашып калган жокбу? Мындайда... тез арада өзүңүз да жуунуп-чайканганыңыз туура болот.

Эркектердин эсинде болсун – аял эч качан “Бүгүн...” деп ачык айтпайт. Ал бир гана кылыгы менен билдирет.