437 миңден ашык кыргызстандык добуш берүү укугунан ажырады. Себеби

30 сентября 2020 437 миңден ашык кыргызстандык добуш берүү укугунан ажырады. Себеби

Добуш берүү укугу бар 437 384 кыргызстандык жаран биометрикалык каттоодон өтпөй, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катыша албайт. Бул тууралуу КМШнын байкоочу миссиясынын КРдеги парламенттик шайлоого жүргүзүлгөн байкоолор тууралуу отчетунда айтылат.

Миссия өз отчетунда Мамлекеттик каттоо кызматындагы маалыматтарга таянган. Мамкаттоо БШК менен биргеликте жүргүзгөн аракеттеринин негизинде биометрикалык маалыматтарын тапшыра элек жарандар 2017-жылга салыштырмалуу 300 миңге азайганы айтылды.

КМШ байкоочулар миссиясы ошондой эле шайлоо дареги боюнча (форма № 2) добуш берүүнү чечкен жарандардын саны көп экенин белгилейт. Мындай укуктан пайдаланган шайлоочулардын саны 488 124тү түзөт.

Жогорку Кеңешке шайлоо 4-октябрга белгиленген. БШКнын маалыматына ылайык, добуш берүүгө 3 миллион 523 миң 532 шайлоочу катыша алат. Парламенттеги 120 депутаттык мандат үчүн 16 саясий партия ат салышууда.

sputnik