30 сентября 2020
Орусиянын Оха шаарында адабият сабагын окуткан мугалим экинчи класстын сабагына балта алып келген.
Мугалимдер сабакты туура түшүндүрүү үчүн ар кандай нерселерди колдонушат. Ал эми Охада адабият мугалими класска балта алып келүүнү туура көргөн.
РИА Новостинин маалыматында, мугалим сабак учурунда көрсөтмө курал катары балтаны колдонгон. Азыр мектептин жетекчилиги ишти текшерип жатат.
Буга чейин экинчи класстын окуучуларынын биринин апасы уулу мектепке баруудан коркуп жатканын айткан. Анын айтымында, баласы басымды туура коё албай, ката кетиргенде мугалим балтаны сумкасынан алып чыккан.