Бул эрежелерди сактабаган аял циститке кабылышы мүмкүн

30 сентября 2020 Бул эрежелерди сактабаган аял циститке кабылышы мүмкүн

Оорубаш үчүн муну жыныстык катнашка чейин жасоо керек.

Төшөк катнашынын да өз гигиенасы бар. Анын эрежеси, тартиби бар. Ден соолугун ойлогон, өзүн сыйлай билген аял же эркек болсун мындайда этият болушу керек.

1. Ар бир жыныстык катнашка баруунун алдында жана аягында аял да, эркек да колун жуушу зарыл.

2. Жыныстык катнаштан 15-30 мүнөт өткөндөн кийин милдеттүү түрдө даарат алыш керек. Эгер табарсыгыңызды бошотпосоңуз, заара чыгаруу системасына инфекция түшүрүп алуу коркунучу жогорулайт.

3. Жыныстык катнаштан кийин эч качан жыныс кынына суу чачыратып (спринцевание) жуубаныз. Суу чачыратып жуу андагы балансты бузуп, кычкыл чөйрөдөгү бактериялардын көбөйүшүнө каршы турган лактобациллди азайтып жиберет.

4. Жыныстык катнашка чейин жана кийин жылуу суу менен гана жыныс мүчөлөрдү жууш керек.

5. Кошулардын алдында бир стакан суу ичип алыңыз. Бул сизге ушул кеңештер топтомунун экинчисин аткарууга жардам берет.

6. Жыныстык катнашта “оюнчуктарды” колдоносузбу? Ал да таза болушу керек. Ар бир колдонуудан кийин тазалап жууп, колдонуу эрежесине сактаңыз. Мындай “оюнчуктарды” алмашып “ойноого” болбойт экенин унутпаңыз.