COVID жайылып баратат, бет кап тагынгыла! Штаб сактануу чараларын күчөттү

29 сентября 2020 COVID жайылып баратат, бет кап тагынгыла! Штаб сактануу чараларын күчөттү

Коомдук жайларда, транспортто, коомдук тамактануу түйүндөрүндө, соода аянттарында санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Бул туурасында Республикалык ыкчам штабдын кеңешмесинде айтылды.

"Акыркы күндөрү оору жайылып, оор абалдагы жарандардын саны көбөйүүдө. Мурда белгиленгендей, ар бир бейтапты дарылоодо өзгөчө мамиле керек. Бардык коопсуздук чараларды жогорулатуу, анын ичинде коомдук жайларда, транспортто, базарларда, соода борборлорунда, ресторандарда санитардык ченемдерди сактоо боюнча текшерүүлөрдү өткөрүү зарыл. Бет кап тагынуу режими так сакталууга тийиш", — деген Боронов.

Жыйында коронавируска чалдыккан адам менен байланышта болгондордун обочолонуусуна өзгөчө маани берүү зарылдыгы белгиленди.

"Эпидемиологиялык иликтөөлөрдү жүргүзүү жана коронавирус инфекциясын жугузган адам менен байланышта болгондордун обочолонуу режимин сактоосу боюнча иштерди сапаттуу аткаруу керек", — деди өкмөт башчы.

Акыркы жумада коронавирусту жуктургандар боюнча дүйнөдө жана анын ичинде Кыргызстанда статистика көтөрүлө баштады. Планета боюнча COVID-19 миллиондон ашык кишинин өмүрүн алып кеткени айтылды.

sputnik