Канча партия жеңишке жетет? Шайлоого жооптуу вице-премьердин божомолу

29 сентября 2020 Канча партия жеңишке жетет? Шайлоого жооптуу вице-премьердин божомолу

Жогорку Кеңешке беш-алты партия өтүшү мүмкүн, мындай божомолун вице-премьер, Шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча республикалык штабдын жетекчиси Акрам Мадумаров журналисттер менен жолукканда билдирди.

Андан парламенттик шайлоодо канча партия жеңишке жетет деп ойлоп жатканын сурашты.

"Бизде бир партия 65 мандаттан көп ала албайт. Беш-алты партия өтүшү мүмкүн. Бирок эми мунун баары шайлоочулардан көз каранды. Өзүңүздөр билгендей, азыр 16 партия катышып жатпайбы", — деди Мадумаров.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Бул күнү 3 миллион 523 миң 532 шайлоочунун добушун алуу үчүн 16 саясий партия ат салышууда.

sputnik