Психолог Жанна Абрамова эркектерге аялзатын бактылуу кылууда негизги үч кеңешин берди. Бул тууралуу "Известия" агенттиги жазды.
Ал биринчи кезекте эркектерге кандайдыр бир планды түзүүдө сүйүктүүсүнүн кызыкчылыктарын эске алууну сунуштады, анткени бул аялда эркекке болгон ишенимди арттырат. Муну "биз барабыз", "биз жасайбыз" же "биз сатып алабыз" деген сыяктуу сөздөрдү колдонуп көрсөтсө болот.
Ошондой эле аялдар тандап алган адамына ишениши керек. Психологдун билдиришинче, аялдар жанында аны жана балдарын коргой ала турган күчтүү эркекти көргүсү келет.
Ошондой эле эксперттин айтымында, кээде аялдар алсыз болууну самайт. Алар жанында көйгөйлөрүн чечишип, жардам бере турган адамдын болушун каалашат. Бул жерде сөз эркектин духунун күчтүүлүгү, көк жалдыгы тууралуу сөз болууда.
Психолог белгилегендей, аялды чыныгы эркектик мамиле бактылуу, ажарлуу, ишенимдүү кылат.