29 сентября 2020
Узак жашайм дегендер эртең менен майы аз йогурт жеш керек. Даамдуу болуш үчүн ага жаңгак же жемиш кошуп алса болот. Бул тууралуу британиялык окумуштуулардын айтымына таянып РИА Новости кабарлады.
Илимпоздордун божомолунда, аталган азык көп ооруну алдын алышы мүмкүн. Адистер туура тамактануу узак өмүр сүрүүнүн бир жолу экенине токтолуп, ашыкча салмак жүрөк оорусу менен кант диабетин чакыра турганын кошумчалашкан.
"Мындан сырткары, дандуу акшактын түрүн, балык жана деңиз азыктарын көбүрөөк жеш керек", — деп сунушташкан адистер.
Окумуштуулар белгилегендей, узак өмүр сүргүсү келген адам туура тамактануу менен чектелип калбастан, аны дене тарбия көнүгүүлөрүн жасоо менен толуктап турганы дурус.