Өкмөт ар бир облуска убадалаган компьютердик томографияны сатып ала элек

28 сентября 2020 Өкмөт ар бир облуска убадалаган компьютердик томографияны сатып ала элек

Өлкөнүн жети облусуна компьютердик томография аппаратын сатып алуу процесси соңуна чыга элек. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат жыйын учурунда билдирди.

Белгилей кетсек, мындан эки ай мурун Республикалык штабдын жыйынында премьер-министр Кубатбек Боронов ар бир аймакка компьютердик томография аппаратын алуу боюнча иштерди күчөтүү тапшырмасын берген.

"Бүгүнкү күндө жети компьютердик аппарат сатып алуу боюнча тендердик иштер жүргүзүлүп жатат. Аларды облустарга бөлүштүрүү планы бекитилген. Мындан сырткары, СПИД, кургак учук, малярия менен күрөш боюнча Глобалдык фонддун долбоорунан үнөмдөлгөн каражатка Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасына бир аппарат сатып алынууда. Япониянын грантынын эсебинен Улуттук госпиталга дагы бирөө коюлат", — деди Үсөнбаев.

Ал эми Бишкек менен Ош шаарында жаңыдан салынып жаткан жугуштуу илдеттер ооруканасынын курулушу эмнеге кечигип жатканына жооп бере алган жок. Суроону Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине берүүнү сунуштады.

Соңку күндөрү өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал кайра курчуй баштаганы байкалууда. Мындан улам Баткен облусу менен Ош шаарында бир нече карантиндик чектөөлөр киргизилди.

sputnik