Министрлик базарды хлордогондон кийин вирус күчөөдө дегендерге жооп кайтарды

28 сентября 2020 Министрлик базарды хлордогондон кийин вирус күчөөдө дегендерге жооп кайтарды

Хлор затынан уулануудан улам пневмонияга кабылган учурлар жок. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Брифинг учурунда Үсөнбаевге “азыркы күнгө чейин базарда иштеген жарандар алардын жумуш ордун дезинфекциялоодон кийин ооруп калгандыгын айтышат. Хлор затынан уулануу пневмонияга алып келиши мүмкүнбү?” деген суроо узатылды.

“Базар – адамдар абдан көп чогулган жер болуп саналат жана санитардык нормалар дайыма сакталбайт. Мындан улам алдын алуу чаралары сөзсүз керек. Ал жерде адамга зыянсыз болгон концентрациялар колдонулат. Хлор затынан ууланган учурлар катталган эмес. Ошондой эле хлор затынан уулануудан улам пневмония илдети менен катталган учурлар жок”, - деди орун басар.

Үсөнбаев ошондой эле Жогорку Кеңештин шайлоосун өткөрүп алуу үчүн коронавирус жуктургандардын саны атайылап азайтылып айтылууда деген маалымат боюнча дагы өз жообун берди.

sputnik