Соңку суткада коронавирустан Ош облусунда бир адам көз жумду

28 сентября 2020 Соңку суткада коронавирустан Ош облусунда бир адам көз жумду

Акыркы суткада Кыргызстанда COVID-19дан бир адам көз жумгандыгын Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.

“Соңку суткада коронавирустан Ош облустар аралык ооруканасында дарыланып жаткан адам каза тапты”, -деп айтылган билдирүүдө.

Муну менен коронавирустан көз жумгандардын саны 1064 адамга жетти. Ал эми ооруну жуктуруп алгандардын саны 46 355 киши болду.

sputnik