Боронов РФте көпүрө урап жабыркаган мекендештерге жардам берүүнү тапшырды

28 сентября 2020 Боронов РФте көпүрө урап жабыркаган мекендештерге жардам берүүнү тапшырды

Премьер-министр Кубатбек Боронов Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов менен телефон аркылуу сүйлөшүп, көпүрөнүн урашынан жаракат алган мекендештерге жардам көрсөтүүнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Эске салсак, 27-сентябрь күнү Россиянын Москва облусундагы FM LOGISTIC  логистикалык ишканасында (кампа комплекси) жөө адамдар өтүүчү көпүрө урап, андан кыргыз жарандары жабыркаганы айтылган. Соңку маалыматтар боюнча, 51 кыргызстандык ар кандай жаракат алган. 

"Өкмөт башчы элчи Алибек Жекшенкуловго кырсыктан жабыр тарткан мекендештерге медициналык жардам көрсөтүүнү жана аларды ооруканаларга жайгаштырууну тапшырды. Ошондой эле мекендештердин дарылануусун жеке көзөмөлүнө алышы керектигин белгиледи", — деп айтылат маалыматта.

Боронов муну менен катар Жекшенкуловго кырсыктын келип чыгышын иликтеген Россиянын укук коргоо органдарынан маалыматтарды байма-бай алып турууну жана алар менен биргеликте иш жүргүзүшү керектигин айткан.

sputnik