Россияда көпүрө кырсыгынан жабыркаган кыргызстандыктардын саны 51ге жетти

27 сентября 2020 Россияда көпүрө кырсыгынан жабыркаган кыргызстандыктардын саны 51ге жетти

Москва облусунда көпүрө кырсыгынан жабыркаган кыргызстандыктардын саны 51ге жетти. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен маалымдашты.

Эске салсак, 27-сентябрь күнү Россиянын Москва облусундагы "FM LOGISTIC" (кампа комплекси) логистикалык ишканасында жөө адамдар өтүүчү көпүрө урап, андан кыргыз жарандары жабыркаганы айтылган.

Кырсыктан жапа чеккен мекендештердин ичинен төртөөнүн абалы оор. Каза болгондор катталган эмес.

"Элчиликтин кызматкерлери менен "FM LOGISTIC" компаниясынын жетекчилиги сүйлөшүп, жыйынтыгында компания кырсыктаган бардык КР жарандарына материалдык жактан колдоо көрсөтүп, медициналык камсыздандыруу алып берүүнү убадалады. Азыркы тапта тиешелүү тараптардын өкүлдөрү оор абалдагы бейтаптардан кабар алуу үчүн Красногорск жана Солнечногорск шаарларындагы ооруканаларга чыгып кетишти. Медициналык жардамды ыкчам көрсөтүү үчүн айрым бейтаптар ооруканага тик учак менен жеткирилген",— деп айтылат маалыматта.

Жабыркагандар мындан тышкары Ступино, Чехов, Серпухов, Подольск, Коломна, Домодедово райондук ооруканаларына да жаткырылганы кошумчаланды.

Окуя болгон жерде элчиликтин консулу Россиянын прокуратура, тергөө комитети жана Москва РИИБ өкүлдөрү менен жолугуп, ишти объективдүү иликтеп, күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартууну өтүнгөн.

Мындан сырткары, элчилик Россиянын Тергөө комитетине, Башкы прокуратурасына жана Ички иштер министрлигине атайын каттарды жибергени кабарланды.

Маселени КРдин Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов жеке көзөмөлүнө алды.

sputnik