Ипотека алгыңыз келбесе, Бишкектен кантип батир сатып алууга болот? Кеңеш

27 сентября 2020 Ипотека алгыңыз келбесе, Бишкектен кантип батир сатып алууга болот? Кеңеш

Батир сатып алууга тыйыны жетпеген сатып алуучунун баянын курулуш компаниясынын коммерциялык директору Бектур Садыров айтып берди. Ипотекага ашыкча каражат төлөгүсү жок, бирок дароо акчасын чыгарып турак жайды сатып алууга чама-чаркы чак келбейт...

Бектур Садыров борбор калаадагы ири курулуш компанияларынын биринде жети жылдан бери коммерциялык директорлукту аркалайт. Ал жаңы курулган үйдөн батирге ээ болуунун оош-кыйыштары туурасында айтып берди. Чатырлуу болууну чечкен бишкектиктерге пайдалуу болчудай.

— Келиңиз жаңы үйлөр туурасында сүйлөшөлү. Коронавирус кыймылсыз мүлк рыногундагы бааларды төмөндөттү десек болобу?

— Балким, эң арзан кыймылсыз мүлктүн баасы түшүп кеткендир. Рынокко тыкыр көз салып турам, кээде өтө төмөн баадагы батирлерди таап калам. Маселен, жер казылып жаткан баскычында батирлер бир чарчы метри 350 доллардан сатылган. Карантинге дейре алар 500 доллардан турган. Башкача айтканда, эконом-сегменттеги оюнчулар арасында эбак баа согушу – демпинг башталды. Ошону менен бирге эле баамдаган болсоңуздар, рынок лидерлери 20-30 пайызга арзандатпайт. Андай батирлердин баасы башта кандай болсо, азыр да ошол калыбында. Мисалы, биздин ишканага эпидемиядан улам талаптын азайганы туюлган жок.

Эгер батир сатып ала турган болсом, эң арзан турак жайды албас элем. Андан көрө бир аз күтө туруп, акчаны толуктап, чарчы метри 600-700 доллардын тегерегиндеги батирди сатып алган дурус.

— Аябай арзан батирлердин эмне мандеми бар?

— Мисалы, жер көйгөйлүү болушу мүмкүн. Балким, ижарада турат. Көп нерсе жерге жараша: эгер Бишкектин дал ортосунда жана чет жакасында бирдей эки үй курулса, анда чарчы метри борбордогу 200 долларга кымбатыраак турат.

Анан да арзан турак жайды сатып алуучу бир катар ыңгайсыздыктарга тушугушу ыктымал. Мисалы, лифт улам иштебей калат же кошунаңдын ойгонгону угула берет.

— Азыр эл акчадан мурдагыдан да кыйналып калды. Эгер батирге акчасы болбосо, бирок үй-жайлуу болууга ашыгып турса, сиз эмнени сунуштайт элеңиз? Ипотеканыбы?

— Коңшу мамлекеттерде, тагыраагы, Казакстан менен Россияда кыймылсыз мүлк келишимдеринин 80 пайызы — ипотека. Биздин өлкөдө да ипотека сатууну олуттуу түрдө жогорулата алмак. Бирок бүгүнкү күндө биздин банктар ипотеканы өтө жогору пайыз менен беришет.

Бизде ипотеканын жылдык пайызы 10-16ны түзөт. Адатта сатып алуучу аны кеминде беш жыл төлөйт. Эсептесек, сиз банкка ушул убакыт аралыгында батирдин наркынан 60, ал тургай, 100 пайыз ашыра төгүүгө аргасыз болосуз.

Башка бир, кыйла пайдалуу жолу – батирди курулуш ишканасынан сатып алуу. Алдыңкы саптагы курулуш компаниялары 2,5 жылга бөлүп төлөөгө мүмкүндүк берет. Айрымдары 5 жылга чейин күтүүгө даяр. Мындайда сатып алуучу эч кандай пайыз төлөбөйт.

Турмушта орун алган бир учурду сизге мисал келтирейин. Бизде бир бөлмөлүү батир 23 миң долларга сатылып жаткан. Аны ага каражаты жетпей калган сатып алуучу алган. Батирдин наркынын 30 пайызын (8 миң доллардын тегерегинде) төлөп, эки жарым жыл айына 550 доллардан төлөгөн. Эми ал – ошол кишинин батири.

— Сатып алуучу кайсы бир маалда төлөй албай калса кантет?

— Батирди сатыкка чыгарышат, мурдагы ээси салган акчасын кайтарып беришет. Негизи коронавирустан улам ижаралап жашаган бишкектиктер өз чатырын сатып алууга белсеништи. Бир нече ай маянасыз калып, алар турак жайыңдын болушу канчалык маанилүү экенин түшүнүштү.

Бишкекте батир ижаралоо дүйнөлүк ченем боюнча анчалык арзан эмес. Башкача айтканда, турак жайды жети-он айга ижаралоо менен бишкектиктер анын наркын төлөгөндөй эле болушат.

— Ижарага бергендер үчүн пайдалуубу?

— Ооба, турмуштан мисал келтирейин. Биздин туруктуу кардарларыбыз бар. Алар ар бир комплекстен бирден батир сатып алышат. Адегенде бирди, анан экинчисин сатып алышат, анан үчүнчүсүн... Элестүү түшүндүрө турган болсок, улам кийинки батирге алар өз батирлериндеги ижарачылардын эсебинен кутулушат. Ошентип, кыймылсыз мүлк кыймылсыз мүлктү “сатып алат”.

— Ижарага берүү үчүн кандай батирлерди сатып алуу пайдалуу?

— Эконом-класстагы кыймылсыз мүлктү алда канча бачым ижарага бере аласыз. Бирок анда да баа чеги бар: бир бөлмөлүү батирди 250 долларга, эң көп дегенде 300 долларга берилет. Эгер премиум класстагы батир алсаңыз, анда аны үч бөлмөлүү батирдин баасында берүүгө болот. Андан сырткары, адатта андай тургундар менен да көйгөй азыраак. Бирок баары дайым эле ушундай тегиз боло бербейт.

— Сиздерден мамлекеттик ипотека боюнча турак жай сатып алгандар барбы?

— Мамлекеттик ипотека менен кайрылгандар болгон, бирок алардын бири да бизден турак жайды ийгиликтүү сатып ала алышпады. Анткени каржылык алкакка сыйбайт. Ал жакта кандай акча бөлүнөрүн билбейм, бирок көпчүлүгүндө болгону 20 миң, кээде 25 миң доллар болот, бирок ремонттолгон батирди каалашат. Тилекке каршы, бизде андай сунуш жок.

— Даяр батирге караганда тээ чуңкуру казылып жатканда сатып алган оң экени түшүнүктүү. Бирок, билишимче, бул – кыйла кооптуу жол.

— Ооба, Кыргызстандын рыногу бөтөнчө. Балким, турак жайдын 95 пайызы курулуш убагында сатылар. Бирок кээде мындай болуп калат: курулуш компаниясынын кожоюну эч нерсени куруп үлгүрө элек, бирок үлүшчүлөрдөн аябагандай чоң сумманы алып коет. Андай байлык ишкананын ээсинин башын айлантышы ыктымал. Акчанын баарын өзүнүкүндөй көрүп алат. Анын кесепетинен курулуш токтойт, үлүшчүлөр жапа чегет.

— Бир риелтордон: “Эгер 10 курулуш ишканасы октябрда үйдү пайдаланууга берейин деп убада кылды дейли. Алардын канчасы убадасын аткара алат?” деп сураганымда ал: "Эч бири!" – деп жылмайган эле. Эмнеге андай болуп калат?

— Мамлекеттик органдар менен иш алып барууда ушундай – өтө бюрократиялык жагдай бар. Бир жолкусунда биз өзүнчө бир рекорд койгон элек, 12 кабат үйдү болгону жети айда пайдаланууга бергенбиз. Бирок бул процедура бир жылдай жана андан да узак сүрүшү мүмкүн. 2016-2017-жылы курулуп баштаган, бирок алигүнчө пайдаланууга бериле элек көп үйлөрдү көрдүм. Ошентсе да эл кирип жашап алган.

— Колдонууга берилген же бериле элек үйлөрдөгү жашоо кандай айырмаланат?

— Биринчиден, жашоочулар шаардык коммуникациялык көйгөйлөргө көп кабылат: үй курулуш компаниясынын балансында тургандыктан, электр үчүн 73 тыйын эмес, 2,7 сом төлөөгө туура келет. Анткени коммерциялык тариф сакталат. Негизи мындай ашыкча чыгымдарды курулуш компаниясы жаап бериши керек, бирок дайым эле андай боло бербейт.

Экинчиден, пайдаланууга берилгенче объект бүтө элек деп эсептелет. Башкача айтканда, жашоочулар үйдүн айланасындагы жерди толук кандуу балансына алып, ТСЖ кура алышпайт.

— Бишкектиктер негизинен шаардын кайсы бөлүгүндө жашагысы келет?

— Биз максаттуу аудитория ичинде сурамжылоо өткөргөнбүз. Көпчүлүгү калаанын түштүк жагын тандайт. Бирок көңүлү гана ошол тараптарды самайт. Акыл менен борбор ыңгайлуу экенин түшүнөт. Ал жакта мектеп, бала бакча мыктыраак, анан да жумушу борбордо жайгашкан.

Бирок пандемиядан улам шаардыктардын көбүнүн көз карашы өзгөрдү. Үйдүн айланасындагы таза аба, кең мейкиндик, сейилдөөнүн канчалык маанилүү экенин аңдашты.

— Көлөмү жагынан кандай батирлер жакшы өтүүдө? Маалыматыңыз барбы?

— Бишкектиктер оптималдуу пландалган батирлерге умтулушат. Холл же ашыкчы бурчтарга кеткен 10 чарчы метр үчүн төлөгүлөрү келбейт. Азыр кичирейтилген пландоого талап байкалууда. Бирок бул советтик стандарттарга кайра кайттык дегендик эмес.

Маселен, алты чарчы метрлик ашканасы бар 60 чарчы метрлик үч бөлмөлүү батирди эми эч ким каалабайт. Ал убакты басып өттүк. Азыр 80-100 чарчы метрлик үч бөлмөлүү турак жайларга талап жаралды.

— Каатчылыктан улам элдин капчыгы жукара түштү. Курулуш компаниялары бааны ылдыйлатарын боолголоого болобу?

— Узакка созула турган каатчылык ыктымалдыгын да карадык, бирок 2010 жана 2015-жылдардагы тажрыйба да бар. Кандай кыйынчылык болбосун, адамдар баары бир кыймылсыз мүлктү сатып аларын аңдадык.

Эч нерсеге карабай ишин уланткан компаниялардын катарында болгубуз келет. Маселен, биз үчүн ким президент же мэр экени мааниге ээ эмес, биз саясаттан оолак ишканабыз. Биздин негизги милдет — үйлөрдүн курулушун белгиленген мезгил ичинде бүткөрүү.

sputnik