Милиция: таңда үйгө кирген каракчылар атасын бычактап, кызын өлтүрүп кетишти

27 сентября 2020 Милиция: таңда үйгө кирген каракчылар атасын бычактап, кызын өлтүрүп кетишти

Бишкекке жакын жайгашкан Төмөнкү Ала-Арча айылында үйгө ууруга киргендер кызды өлтүрүп кетишкен. Бул туурасында Чүй облустук милициясынан кабарлашты.

Кол салуу боюнча маалымат милицияга 26-сентябрда болжол менен саат 03:10до түшкөн.

Маалыматка караганда, саат 02:50лөр чамасында үйгө бет капчан белгисиз эки киши кирген. Алар 62 жаштагы Т.Ж. аттуу киши менен анын 26 жаштагы Т.А. аттуу кызын бычактап, андан соң качып кетишкен.

Кыз көз жуумп, ал эми киши Бишкектеги ооруканалардын биринде. Жазык кодексинин негизинде 130-берене ("Киши өлтүрүү") менен кылмыш иши ачылган.

Кылмышкерлерди табуу үчүн тартип коргоо органдарынын Аламүдүн райондук жана Чүй облустук, республикалык деңгээлдеги тажрыйбалуу делген ыкчам кызматкерлеринен турган топ түзүлүп, иштеп жатат.

sputnik