39 мина тапкан келемиш медаль менен сыйланды. Камбоджадагы окуя

25 сентября 2020 39 мина тапкан келемиш медаль менен сыйланды. Камбоджадагы окуя

Камбоджада мина жана жарылуучу заттардын коюлган жерин аныктаган африкалык чоң келемиш медаль менен сыйланды. Бул туурасында Британиянын The Mirror басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, Магава аттуу келемиш 141 000 чарчы метр аянтты издеп отуруп 39 мина жана дагы 28 жарылуучу зат тапкан.

​Магава мындай жөндөмдүлүккө Белгиядагы Ароро кайрымдуулук уюмунда үйрөтүлгөн. Ал жаныбардын салмагы 1,2 килограмм, узундугу 70 сантиметр. Анын салмагы жеңил болгондуктан минаны басып алса деле жарылып кетпейт. Келемиш теннис ойнолуучу талаанын аянтчасындай жерди 20 мүнөттө тинтип чыгууга жөндөмдүү. Муну адамдар металл менен издесе төрт күнгө чейинки убактысы кетет.

​Сыйлык тапшыруу салтанаты онлайн-режимде өтүп, анда бул келемиш дүйнө боюнча сыйлык алган иттен кийинки эле биринчи жаныбар экени белгиленген.

"Магаванын өз жанын аябагандыгы, чеберчилиги жана эрдиги үлгү болорлук", — деп айткан комиссиянын башчысы Ян Маклафлин.

Камбоджанын аймагында 1975-1998-жылдагы жарандык согуш маалында жерге алты миллионго чукул мина коюлган. Азыркы тапта андай жарылуучу заттарды залалсыздандыруу үчүн саперлордун командасы иштеп жатат.

sputnik