Ооругандар улам көбөйүп жатат. Бир суткада 175 кишиден коронавирус табылды

25 сентября 2020 Ооругандар улам көбөйүп жатат. Бир суткада 175 кишиден коронавирус табылды

Өткөн суткада Кыргызстанда коронавирустан 142 бейтап айыкса, ооруну жуктуруп алган 175 жаңы учур катталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Айыккандар:

  • Бишкек – 51;
  • Ош шаары – 5;
  • Чүй облусу – 12;
  • Ош облусу – 23;
  • Талас облусу – 6;
  • Нарын облусу – 1;
  • Ысык-Көл облусу – 22;
  • Жалал-Абад облусу – 10;
  • Баткен облусу – 12.

Жуктургандар:

  • Бишкек – 18;
  • Ош – 22;
  • Чүй облусу – 5;
  • Ош облусу – 50;
  • Талас облусу – 7;
  • Нарын облусу – 3;
  • Ысык-Көл облусу – 7;
  • Жалал-Абад облусу – 22;
  • Баткен облусу – 41.

Ушуну менен өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 45 932ге жетсе, анын ичинен 42 147си ооруну жеңген. Тилекке каршы, коронавирус 1 063 адамдын өмүрүн алган.

Азыркы учурда 643 адам стационарларда дарыланып жатканы айтылды. Ал эми 1 641 киши медициналык жардамды үйлөрүнөн алууда.

sputnik