Бишкекте багаждан коляска чыгарып жаткан кишини унаа коюп кетип көз жумду

24 сентября 2020 Бишкекте багаждан коляска чыгарып жаткан кишини унаа коюп кетип көз жумду

Бишкекте унаасынын багажынан балдар коляскасын алып жаткан кишини унаа коюп кетти. Ал ошол жерден көз жумган. Бул тууралуу милициядан билдиришти.

Кырсык кечээ түнкү саат 02:00дө Фучик көчөсүндө болгон. KIA Spectra унаасы 40 жаштагы кишини сүзгөн.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

sputnik