Дөңгөлөк жарылганда асманга топтой ыргыган киши. Бишкекте тартылган видео

24 сентября 2020 Дөңгөлөк жарылганда асманга топтой ыргыган киши. Бишкекте тартылган видео

Бишкектеги автоунааларды техникалык жактан тейлөө станцияларынын биринин кызматкери дөңгөлөктүн жарылып кетишинен улам катуу жабыркады.

Окуя болгон учурдагы видео "Короче" Telegram-каналына жүктөлдү. Кадрларда көрүнүп тургандай, жүк жашуучу автоунаанын дөңгөлөгүн оңдоп жатканын көрүүгө болот. Бир маалда ал жарылып кетип, жумушчу кадимкидей ыргып кетет.

Видео

Медиктер бул  маалыматты тастыкташты. Окуя бүгүн саат 11:00дө айланма жол тараптагы  Ак-Жар жаңы конушу жакта болгон. Жабырлануучунун мээси чайкалып, сөөктөрү сынып кеткен. Учурда ал Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жаткырылды.

sputnik