Алла Пугачева Instagram тармагындагы видеосу үчүн сынга кабылды

24 сентября 2020 Алла Пугачева Instagram тармагындагы видеосу үчүн сынга кабылды

Instagram колдонуучулары россиялык ырчы Алла Пугачева тартылган видеону "кызыктай" деп атап, сынга алышкан.

Артисттин жолдошу Максим Галкин Instagram баракчасына кыска видео жарыялаган. Анда Пугачева авто унаада бара жатып өзүн смартфондун алдыңкы камерасына видеого тарткан.

Видео

Instagram колдонуучуларынын айрымдары ырчы өзүн жакындан тартканы туура эмес болгонун айтышса, кээ бири анын таанылбай тургандай болуп өзгөргөнүн белгилеген. Дагы бирөөлөрү жаш куракты жашырбоого чакырышса, айрымдары бул видео ийгиликсиз чыгып калган деген пикир жазып, "кызыктай" видео деп сыпатташкан.

Ал арада Пугачевадай болуп жаш көрүнгөндү жактаган катталуучулар да чыгышып, жылдыздуу жубайларга бакыт каалашкан.

sputnik