АКШ космоско алгачкы ажатканасын орнотууну пландап жатат

24 сентября 2020 АКШ космоско алгачкы ажатканасын орнотууну пландап жатат

Эл аралык космостук станцияга Америкада чыгарылган алгачкы ажаткананы октябрда алып чыгуу пландалууда. НАСА ал учурда астронавттар колдонуп жаткан Россиянын ажатканасынан мыкты болот деп мүнөздөдү. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

НАСАнын билдиришинче, Космостук агенттик астронавттардын сунушун эске алуу менен UWMS (Universal Waste Management System) ажатканасын ыңгайлуу жана оңой колдоно турган кылып иштеп чыккан. Ал Эл аралык космостук станциядагы Американын талаасына орнотулат.

"Жаңы ажаткана учурда колдонулуп жаткан ажатканадан 65 пайызга тыкан жана 40 пайызга жеңил болот. Жаңы ажаткананы космоско 3-октябрда америкалык жүк ташуучу Cygnus кемеси алып чыгат", — деп айтылат маалыматта.

Азыркы тапта Эл аралык космостук станцияда Россияда чыгарылган эки ажаткана пайдаланылат.

sputnik