Смартфондогу үн жаздырган колдонмолордун негизги кооптуулугу айтылды

23 сентября 2020 Смартфондогу үн жаздырган колдонмолордун негизги кооптуулугу айтылды

Смартфондогу үн жаздыруучу колдонмолордун көпчүлүгү маалыматтардын бир бөлүгүн тиркеме түзүүчүлөрдүн серверине жөнөтүп турат. Ал жерде маалыматтар чексиз убакытка сакталат дагы, жарандарга зыян келтириши мүмкүн. Мындай пикирди DLBI жашыруун чалгындоо кызматынын негиздөөчүсү Ашот Оганесян билдиргенин РИА Новости жазды.

Эксперт белгилегендей, көпчүлүк учурда үн жаздыруучу колдонмо "тааныбаган" үндөрдү нейробайланыштарды түзүүгө катышкан адистер уга алышат. Мындай адамдар компаниянын штатында болбогондуктан конфиденциалдуулук эрежесин сакташпайт. Натыйжада өзгөчө "кызыктуу" сүйлөшүүлөр же үндөр интернетке чыгып кетиши мүмкүн.

sputnik