Бишкек вице-мэри Мозгачева Мамлекеттик тил күнү менен кыргызча куттуктады. Видео

23 сентября 2020 Бишкек вице-мэри Мозгачева Мамлекеттик тил күнү менен кыргызча куттуктады. Видео

23-сентябрь — Мамлекеттик тил күнү. 1989-жылы дал ушул күнү Кыргыз ССРинин Жогорку Совети "Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө" мыйзамын кабыл алган.

Видео

Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева шаардыктарды Мамлекеттик тил күнү менен кыргызча куттуктады. Аны мэрдин кеңешчиси Гуля Алмамбетова өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

"Урматтуу шаар тургундары жана коноктору, сиздерди Мамлекеттик тил күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм! Ар бир улуттун өзүнүн ыйык мурастары болот. Алардын эң башкысы — тили. Мамлекеттик тилибизди көздүн карегиндей сактап, улам байытып, өнүктүрүү ар бирибиздин милдетибиз. Биздин мамлекеттик тил достуктун жана ынтымактын тили болсун", — деди Мозгачева.

Белгилей кетсек, 23-сентябрь - Кыргызстанда мамлекеттик тил күнү. 1989-жылы дал ушул күнү Кыргыз ССРинин Жогорку Совети "Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө" мыйзамын кабыл алып, андан соң кыргыз тилине мамлекеттик деген макам берилген.

sputnik