Адис: күзгү депрессияны алкоголь менен жеңем дегендер жаңылышат

23 сентября 2020 Адис: күзгү депрессияны алкоголь менен жеңем дегендер жаңылышат

Күзгү депрессия учурунда спирт ичимдиктерин ичүү эки эсе зыян. Жан дүйнөнүн чөгүшүнөн алкоголу жок эле чыгуунун жолу тууралуу В.П.Сербский атындагы борбордун клиникалык жана профилактикалык суицидология бөлүмүнүн башчысы Борис Положий айтып берди.

Анын билдиришинче, алкоголь бир аз убакыт адамдын маанайын көтөрүшү мүмкүн, бирок анын кесепети бар.

"Ачуу суу көйгөйдү чечпей эле аны жаратат. Адам ичкенге бат көнүп кетет. Депрессия жазында жана күзүндө гана эмес, кээде кышында, жайында да болот. Эгер бардык учурда адам андан алкоголдун жардамы менен чыга берсе, спирт ичимдиктерине көз карандылык жаралат. Албетте, кээде ичимдик адамга жакшы маанай тартуулайт, бирок аны дары катары колдоно берген болбойт", — деген Положий.

Эгер депрессиядан өз алдынча арылуу мүмкүн болбой адиске кайрылса, зарылдыкка жараша антидепрессант жазып берет. Бирок мындай абалдан чыгуунун оңоюраак деле жолдору бар.

Алардын бири кыймылда болуу, спорт менен алектенүү же жөн гана сейилдөө. Адис кошумчалагандай, эгер мындай ыкмалар жардам бербей, депрессия курч мүнөздө болсо дарыгерге, психиатрга же психотерапевтке кайрылуу зарыл.

sputnik