Бала кымбат буюм алып берүүнү суранса эмне кылуу керек – АТА-ЭНЕЛЕРГЕ КЕҢЕШ

23 сентября 2020 Бала кымбат буюм алып берүүнү суранса эмне кылуу керек – АТА-ЭНЕЛЕРГЕ КЕҢЕШ

Ар бир бала айфон, айпад, скутер алгысы келет. Алып берүүгө ар бир ата-эненин чамасы жетеби?

Азыркы балдардын талабы башка, табити да өзгөчө. Алар сагыз менен шоколадга алданбайт. Паркка алып барып, балмуздак алып берсеңиз - кубанбайт. Ал эми өспүрүм курагында ата-энесин абдан кыйнайт. Теңтуштарындай кымбат буюмдарга ээ болгусу келет.

Мындай учурда ата-эне баланын психикасына, өзүнүн нервине жана чөнтөгүнө зыян келтирбеш үчүн эмне кылса болот?

Өспүрүмдөрдү эң көп кызыктырганы – гаджеттер. Айфон же айпад сурабаган кыздар-балдар жок болсо керек. Мындан сырткары, гираскутер, велосипед, бренд кийим, кыздар сумка, косметика... тизме чексиз. Каалаганын алып берүүгө чөнтөк түтпөйт. Акча жетип турган учурда дагы, каалаганын алып берүү канчалык туура болот?

  • Балага эң башкысы түшүнүк бериш керек. Баланын каалоосун, тилегин, оюн түшүнбөө көйгөйлөргө алып келиши мүмкүн. Ошондуктан, баланын сураганына “акча жок” же “жок” деп жооп берүү туура эмес. Ошол буюмдун эмне үчүн керектигин, кандай максатта пайдаланарын сураңыз. Баланын ордуна өзүңүздү коюп көрүңүз. Баланын каалоосун толук түшүнүү менен чечим кабыл алыңыз. Кымбат буюмдарга карата баланын оюн калыптандыруу үчүн төмөнкү ыкмаларды пайдаланыңыз.
  • Керектүү буюмду алуу үчүн өзү акча табууну сунуштаңыз. Акча топтоонун жолун көрсөтүңүз. Үй жумуштарын жасаганы үчүн акча берип туруңуз. Болбосо, баланын алы жеткен башка жумушту сунуштаңыз. Зарыл болгон сумманын жок дегенде жарымын өзү тапсын. Ошондо бала акчанын да, буюмдун да, ата-эненин кадырын да түшүнөт.
  • Эгер бала билим алууга, хоббиге, спортко кызыкса, аны колдоп коюңуз. Колуңуздан келишинче жардам бериңиз, аракет кылыңыз. Эгер колдобой койсоңуз, анын каалоосун өчүрүп аласыз.
  • Өспүрүмгө үй-бүлөлүк бюджетти пландаштырууну үйрөтүү керек. Бир айлык чыгымдарды бөлүштүрүп, план түзгөндө бала жаныңызда болсун. Азык-түлүккө, коммуналдык төлөмгө, жолкиреге, дагы башка милдеттүү чыгымдарга канча акча кетерин, канчасы ата-энесинин чөнтөгүндө каларын билген бала өзү аркы жагын эсептей турган болот.
  • Бир каалоосун орундаткысы келсе, башкасынан баш тартууга туура келерин сунуштаңыз. Мисалы, смартфондуу болгусу келсе, кийим сатып албайбыз деген сыяктуу. Ошондо керектүү нерсе менен кереги жок нерсени ажырата баштайт.
  • Балаңыздын туулган күнүнө же майрамдарга карата кандай пландарыңыз бар? Адатта, ата-энелердин баары бул күнү туугандарын чакырып, конок тосот. Же болбосо, баланы сейилдетип, кафеге алып барып тамактандырат. Анын көңүлүн көтөргүсү келет. Бул балага кызыксыз болушу мүмкүн. Ошондуктан, конок чакырууну каалайбы же өзү көптөн бери самап жүргөн нерсени алгысы келеби, балаңыздан сураңыз.

Эң негизгиси балага материалдык байлыкка караганда руханий байлык, жылуу мамиле өйдө турарын эрте түшүндүрүңүз.