Ширин Дубанаева: “Кыргызстанда бизнес баштоо оңой, башкысы туура максат коюш керек”

9 октября 2018 Ширин Дубанаева: “Кыргызстанда бизнес баштоо оңой, башкысы туура максат коюш керек”

 

Кыргызстанда жаштар үчүн бизнес баштоо канчалык оор? Деги эле бизнес баштоо үчүн кандай тепкичтерди басып өтүү керек? Бул суроолорго бизнесмендерге кеңеш берип, жардамын аябаган Башкаруу кеңешчилер институтунда коммуникация жана PR менеджери Ширин Дубанаева жооп бермекчи. Ширин Дубанаева учурда бул мекемеде гана иштебестен жеке бизнесин да ачып, аны өркүндөтүү аракетин көрүп жүргөн чагы.

-Сиздердин компанияга бизнес баштоо боюнча жаштар көп кайрылабы?

-Ооба, мага жеке кайрылгандар болот суроолору менен, андан сырткары, биздин уюмга кайрылган жаштар да жок эмес. Биз жаштар менен көп иштейбиз. Мисалы Startup Weekend, Business Brain Bustersсыяктуу долбоорлордо жаш стартаперлер (жаңы бизнес баштаган адам) менен иштешип, кеңеш беребиз. Ошондой эле бизге тажрыйба алууну көксөп келген жаштардын да саны арбын. Мен азыр Башкаруу кеңешчилер институтунда коммуникация жана PR менеджери болуп иштейм. Биздин мекеме бизнесмендерге жардам жана кеңеш берип келет.

- Кыргызстанда бизнес баштоо үчүн кандай шарттар бар?

- Бизде бизнес баштоо оңой. Башка өлкөлөргө караганда көп жеңилдиктер бар. Мисалы, патент менен иштесең болот. Патент менен жумуш баштаганда көптөгөн салыктардан бошотулуп, акчаларын үнөмдөп алышса болот.

 -Жаңы иш баштайм деген жаштарда кандай кыйынчылык жаралышы мүмкүн?

 

- Кыйынчылыктар албетте бар. Бирок, максат коюп жумуш баштасаң көп кадамдарды таштап алга умтуласың. Бизде көпчүлүк жаштар акыркы максаты жок эле башын баштап, кийин таштап коюшат. Ошондой эле пландоону да унутпаш керек. Жана ошол иштин ишке ашуу мөөнөттөрүн так билсе, жыйынтык да жакшы болот.

-Учурда бизнес баштагысы келип, бирок эмнеден баштарын билбей жаткандар көп эмеспи, деги эле бизнес баштоо үчүн эң алгачкы кадам эмне болушу керек?

- Мен дайыма айтам "күтпөгүлө эч нерсени, өзүңөр кадам жасагыла" деп. Инвесторду, кредитти же бир нерсе күтүп отуруп балким сезон өтүп кетет, же кызыгуу өчүп калат жана башка ушул сыяктуу себептер пайда болот. Кыскасы, аракетке берекет. Андан сырткары пландабаган жумуш баштаса, аябай көп кыйынчылыктар болот. Анткени, баш аягы жок эле иш баштаса, кийин аягында ошондой начар жемиш бериши мүмкүн. Андан сырткары эң негизги нерсе - бул жоопкерчилик. Кылган кадамыңдын жана сүйлөгөн сөзүңдүн жоопкерилигин билсең, сени менен көп адамдар иштешкиси келет жана сага ишенет.

-Каражат жагынан кыйналгандар да аз эмес. Кыргызстанда алгачкы капиталы жок бизнес баштаса болобу?

- Мисалы, мен учурда жаңы бизнес баштадым. Капиталы жок эле. Эң негизгиси таанышың көп болсо жакшы. Ар бир таанышың, досуң, кошунаң сенин кардарың. Ошон үчүн баары менен жакшы мамиледе болгон жакшы. Алгач бир эки кадам таштап, бир эки кардар таап алсаң, кийин инвестор дагы издесең оңой табасың. Бүгүнкү күндө көп сайттар жана компаниялар бар инвестор таап, жардам берген.

-Бизнес баштай тургандарга кандай кеңеш бересиз?

- Интернетте бекер убакыт коротпой, пайдалуу нерсени окуп билүүнү сунуштайм. Мисалы Forbesтин сайтында көп пайдалуу маалымат бар. Токойго жолду билбей кирип кетсең, ал жерден адашып аябай кыйналып чыгасың. Ошол сыяктуу баштай турган ишиң тууралуу бир аз сурап, анализ же мониторинг кылып баштасаң бат жыйынтык чыгат. Бирок ар бир ишке коркпой киришсе бир нече жолу адашып, анан каталардын үстүндө иштеп ийгиликтерге жетишсе болот. Экинчиден: эгер бизнесиңер сатуу жана тейлөөгө байланыштуу болсо сөзсүз жарнама керек. Ансыз болбойт. Учурда жарнама кылуу өтө оңой. Бүгүнкү күндө интернет деген нерсе сенин ичкен сууң жана жеген наның десем да болот.