Адис канткенде телефондогу сүйлөшүүнү эч ким тыңшай албай каларын айтты

18 сентября 2020 Адис канткенде телефондогу сүйлөшүүнү эч ким тыңшай албай каларын айтты

Учурда кайсы гана телефондогу сүйлөшүү болбосун, аны тыңшоого мүмкүн. Бирок смартфонду тыңчылыктан коргой турган технологиялар бар экенин "Прайм" басылмасына "Инфосистемы Джет" компаниясынын коргонууну анализдөө боюнча адиси Дмитрий Курамин айтып берди.

“Азыркы заманда каалаган телефондогу сүйлөшүүлөрдү уга алышат. Анткени тыңчылык кылуучу аппараттар абдан көп жана аны каалаган киши сатып ала алат. Бирок А5/3 стандарты жана VoLTE деп аталган технологияны пайдаланган мобилдик тармактардын абоненттери бул тууралуу көп санаркабай эле койсо болот”, — деди адис.

Ошондой эле сүйлөшүүлөрдү “тыңчыларга” угузбай турган телефондор дагы бар экени кошумчаланды.

Буга чейин адис смартфондо геолокация (жайгашкан жерди аныктоо) функциясы өчүрүлгөн учурда дагы ээсинин кайсы жакта жүргөнүн аныктаса болорун айтып берген.

sputnik