Мьянманын борбору Нейпьидо шаарында эки баштуу сиам эгиздер төрөлдү. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Аталган өлкөнүн Маалымат жана коомчулук менен байланыш министрлиги эки сүрөт жарыялаган. Анда жаңы төрөлгөн ымыркай ийиндүү, далылуу келип, ошол эле маалда эки баштуу экенин көрүүгө болот. Мындай эгиздерди 29 жаштагы келин жарыкка алып келген.
Ушул сыяктуу дүйнөдөгү эң белгилүү эки баштуу эгиз кыздар — 30 жаштагы америкалык Абигайль жана Бриттани Хэнселдер. Алардын денеси бир, баштары башка. Бирок эки өпкөсү, эки жүрөгү, эки омурткасы, үч бөйрөгү, бир боору бар. Мьянмада төрөлгөн ымыркай сыяктуу эле эки колу, эки буту менен басып жүрүшөт. Эгиз кыздар бири-биринен мүнөзү менен айырмаланып турат. Алар жогорку окуу жайдан билим алып, учурда орто мектепте мугалим болуп иштешет.
Эки баштуу балдар жада калса сиам эгиздеринин арасында өтө сейрек кездешет. 200-500 миң учурдун ичинен бирөө төрөлүшү мүмкүн. Ушул күнгө чейин мындай эгиздер Мьянмадагыны кошкондо болгону бешөө.