Бала тарбиялоо – бул өтө татаал маселе. Ар бир баланын жасаган кадамынан ата-энесинин тарбиясынын изи көрүнөт. Кыргыздар кыз бала тарбиялоодо өтө этияттык менен мамиле кылат. Кыз бала башка үйдүн бүлөсү, башка үйгө барып ата-энесинин тарбиясын көрсөтөт. Кыз келечекте бактылуу болушу үчүн эмнени үйрөтүп, кандай тарбия бериш керек? Бул суроо ар бир ата-эненин көкүрөгүндө. Ошондуктан, кызды тарбиялоодо төмөнкү эрежелерди эске алыңыз.
Кыз СУЛУУ болуп бой жетсин десеңиз...
Биринчи эреже. Эч убакты кыздын сырткы келбетин сындабаңыз, аларды мактоо гана керек. Келечекте кыздын жеке жашоосун ийгилик коштоп, өзүнө болгон ишеним пайда болсун десеңиз, ал өзүнө ишениши керек. Ишеним сүйкүмдүүлүктөн, өзүнүн тартымдуулугунан пайда болот. Ошон үчүн кызыңыз күзгү алдына көп бара турган болсо, аны урушпай, кайра анын сулуулугун айтып, мактап коюңуз. Болгону эрте боёнууга жол бербеңиз. Аялдын ички дүйнөсүнүн сулуулугу сырткы дүйнөсүнүн сулуулугунан алда канча бийик турарын түшүндүрүңүз.
Кыз бала СҮЙКҮМДҮҮ болсун десеңиз...
Экинчи эреже. Кыз балага жакшы көрөрүңүздү айтып, кучактап, өөп коюуну унутпаңыз! Анткени, эненин балага болгон сүйүүсү ашыкча болбойт. Кыз бала ата-энеси аны жакшы көрөт экенин билип, колдой турган адам бар экенине ишенип өсүшү керек. Чыныгы сүйүүнү билип чоңойгон кыз келечекте алдамчы сезимдерге жетеленбейт. Өзүн кадырлап, жакшы көрүп, оюндагысын түз айта билүүгө үйрөнөт. Өзүн сыйлап чоңойсо, аны башкалар да сыйлашат. Кыз өзү башкаларга сый мамиле кылганды үйрөнөт.
Кыз бала БАКТЫЛУУ болушу үчүн...
Үчүнчү эреже. Кыздуу ата-эне анын өмүрү кызыктуу, шаңдуу болушуна көңүл бурушу керек. Кызды көп урушуп, көңүлүн калтырбаш керек. Үй-бүлөсү дайыма колдоп, коргойт экенине ишенип чоңоюш керек. Мүмкүн болсо белектер менен кубантып турган жакшы. Бирок, айткандарынын баарын орундатып, эркелетүүнүн кереги жок. Кыз балага ачык түстөгү, гүлдүү кийимдерди кийгизип чоңойтуңуз. Бул анын көңүлү көтөрүлүп жүрүшүнө таасирин тийгизет.
АКЫЛДУУ кыз тарбиялайм десеңиз...
Кызды акылдуу кылып тарбиялоо – бул төртүнчү эреже. Өз коопсуздугу үчүн адамдарды, кырдаалдарды ажырата билүүнү үйрөтүшүңүз керек. Муну дароо эле үйрөтүүгө мүмкүн эмес. Бирок, кулагына куюп айта берген соң, бала эмне жакшы, эмне жаман, пайдалуубу, пайдасызбы ажырата баштайт. Бул үчүн ар бир эне кызына үлгү болушу керек. Ар бир маселени уруш-талашсыз чечүүгө аракет кылыңыз. Айрыкча, достор менен көпкө сүйлөшүп, көңүл ачуудан алыс болуңуз.
Кыз бала МЭЭРИМДҮҮ жана кайрымдуу болсун десеңиз...
Бешинчи эреже. Кыз баланы ак көңүл, боорукер кылып тарбиялоо керек. Жумуштан келгенде, же башыңыз ооруп турганда чай даярдап, суу берип, дары-дармек алып келип, алы жете турган иштерди жасоого мүмкүндүк бериңиз. Кыз бала табиятынан камкор болот. Боорукер болуп чоңойгон кыз кийин үй-бүлөсүн дагы жакшы карайт. Эгер ал кимдир бирөөнүн кемчилигине күлө мамиле кыла турган болсо, дароо тыюуга аракет кылыңыз. Баары кемчиликсиз болууну кааларын, бул тагдырдын иши экенин түшүндүрүңүз.
ТУРМУШКА ТЫҢ болсун десеңиз...
Алтынчы эреже. Кыз баланы сөзсүз үй иштерин жасоого үйрөтүү керек. Бирок, балага оор жумуштарды жасатуунун кереги жок. Кичинекейинен акырын жумшай берсе, үйдөгү күнүмдүк иштер оор сезилбейт. Тамакка отурганда идиш ташуу, чаң сүртүү сыяктуу жеңил иштерден баштаган оң. Мында да эне кызына биринчи үлгү болот. Энесине карап кызы чоңоёт.
Кыз бала талантуу жана ИЙГИЛИКТҮҮ болушу үчүн...
Жетинчи эреже. Кыз баланы ар тараптуу тарбиялаңыз. Кыдзы кичинесинен бийлөөгө, кол өнөрчүлүккө, ырдоого, сүрөт тартууга, эмнеге кызыкса, ошого үйрөтүүгө аракет кылыңыз. Ушундан кийин гана кыз психологиялык жактан да, физикалык жактан да жакшы жетилет. Денесин түз кармаганды (мисалы, бийде, спортто) үйрөнөт. Мындан тышкары, туруктуулук, өжөрлүк, максатка карай умтулуу пайда болот. Кыздын келечек кесибин тандоодо каалоосун, оюн эске алуу керек.