Смартфондо геолокация (жайгашкан жерди аныктоо) функциясы өчүрүлгөн учурда дагы ээсинин кайсы жакта жүргөнүн аныктап коюуга болот. Мунун бир нече себебин "Прайм" басылмасына "Интеллектуальный резерв" компаниясынын директору Павел Мясоедов түшүндүрүп берди.
"Албетте, кайсы жерде жүргөнүңдү көпчүлүк биле беришин каалабайсың. Бирок азыркы гаджеттерде геолокация кызматы иштебей турган кезде дагы ээсинин кайда экенин башкаларга көрсөтүп кое турган мүмкүнчүлүк бар", — деди Мясоедов.
Адистин айтымында, кишинин кайсы даректе жүргөнүн жакынкы жердеги уюлдук байланыш станциялары аныктай алат.
Ошондой эле телефондо мындай милдеттерди аткарган геолокация кызматынан башка дагы тиркемелер бар экени айтылды. Мисалы, жакын жердеги дүкөн, дарыкана, чачтарачкана сыяктуу жайларды издеген учурда дагы колдонуучунун ушул тапта кайсы жерде экени билинип калат.