Дарыгер: белди кысып турган шымдар ичеги-карын оорусун күчөтөт

17 сентября 2020 Дарыгер: белди кысып турган шымдар ичеги-карын оорусун күчөтөт

Тамак сиңирүү системасында көйгөйү барлар денени кысып турган жинсы шымдарды кийбей эле койгону оң. Бул тууралуу гастроэнтеролог Нурия Дианова билдирди.

Анын айтымында, киндиктен өйдө чыптама шымдар денени сымбаттуу кылып көрсөтөрү белгилүү. Бирок гастрити барларга ыңгайсыздык жаратып, оорусун күчөтүп дагы жибериши мүмкүн.

"Гастрит ашказанды сезгенткен оору, бул орган киндиктен өйдөрөөк жайгашкан. Бели бийик шымдарды кийгенде дал ушул туш кысылып, адамды кыйнайт. Туруп басып жүргөндө көп билинбейт, отурганда ашказанга күч келип, гастритти күчөтүп жиберет. Ошондой эле рефлюкс оорусу барлар дагы мындай шымдардан абайлабаса, зарнаны пайда кылат", — деп айтылат маалыматта.

Ал кошумчалагандай, адамга ыйгайсыздыкты тыгыз курлар дагы жаратат. Эрозия, ашказан жарасы жана рефлюкс оорулары менен жабыркагандар катуу кур тагынбай эле коюшу керек. Корсет, чыптаган шым-көйнөктөр ичти кыймылсыз абалда кармайт.

Адис ичеги-карын, ашказанында илдети барларга бошураак кийинип жүрүүгө кеңеш берген.

sputnik