Көзүнөн чокуп... Шумкар менен кескелдириктин беш сааттык кармашы. Видео

17 сентября 2020 Көзүнөн чокуп... Шумкар менен кескелдириктин беш сааттык кармашы. Видео

Түштүк Африкадагы Крюгер улуттук паркында шумкар менен ири кескелдириктин кармашы беш саатка созулган.

Окуяга аталган паркка келген фотограф жана гид Родни Номбекана күбө болгондугун "National Geographic Россия" сайты жазды.

Жырткыч куш олжосун коё бергиси келбей, кармап калыш үчүн бардык күчүн жумшаган. Ал тургай анын көзүн чокуп да алган. Видеодон курмандыкка чалынгысы келбеген кескелдирик куйругу менен канаттууну чапкылап, көрбөй калгандан кийин да кутулууга кылган аракетин көрүүгө болот.

Акыры беш саат бою алышкандан кийин шумкар көздөгөнүнө жеткен. Туристтер коруктан кетип бара жатканда канаттуунун көрүнүшүн "канааттанып конуп алып, олжосун ырахаттана жеп жатты" деп сүрөттөшкөн.

Мындай типтеги шумкарлар Африкадагы куштардын ириси деп аныкталган. Узундугу бир метрге чейин жетсе, ал эми канаты күүлөгөндө 2 метрден ашып кетет. Алар негизинен майда жана орто көлөмдөгү сүт эмүүчү жаныбарлар менен тамактанат. Андан сырткары, жаш антилопа, жылан, кескелдириктен да баш тартпайт.

sputnik