Телефондон кулакчын менен музыка угуп отурган кыз күтүүсүздөн каза болду

16 сентября 2020 Телефондон кулакчын менен музыка угуп отурган кыз күтүүсүздөн каза болду

16 жаштагы Таниалу Фай Пхадасринин денесин ата-энеси кызынын бөлмөсүнөн тапкан. Алар кечки тамакка чакырганы кызынын бөлмөсүнө кирет. Өспүрүм кыз күйүп калган телефонун колуна кысып жаткан, моюну менен колу күйүп калган абалда болот.

Кыздын атасы реанимация дарыгерлерин чакырып, кызды аман алып калганга аракет кылат. Бирок, кызга жардам берүү мүмкүн эмес эле, окуя болгон жерге келген дарыгерлер анын каза болгонун аныкташат.

Полиция кызматкерлеринин айтымында, кыз бөлмөсүндө кулакчын менен музыка угуп, телефонун кубаттандырып жатканда электр тогунан сокку алган.