Мухтар Аблязов Казакстанда өмүр бою эркинен ажыратылды

27 ноября 2018 Мухтар Аблязов Казакстанда өмүр бою эркинен ажыратылды

Казакстандын соту банкир Ержан Татишевдин буйрутма менен өлтүрүлүшү боюнча сыртынан өкүм чыгарды.

Качып жүргөн казак олигархы Мухтар Аблязов Казакстанда өмүр бою абакка кесилгенин Sputnik Казакстан маалымат агенттиги жазды.

Жамбыл облусунун райондук соту Аблязовду 2004-жылы "Туран Алем" банкынын топ-менеджери Ержан Татишевди өлтүрүүнү уюштурган деп тапты. Ал өмүр бою эркинен ажыратылды. Соттун өкүмү качып жүргөн олигарх колго түшкөндөн кийин күчүнө кирет.

Соттук териштирүү быйыл 24-октябрда башталып, ал Аблязовдун катышуусусуз өткөн. Себеби олигарх он жылдан бери чет мамлекетте жашап келет.

Ержан Татишев 2004-жылы башына ок жеп каза болгон. Ишти тергегендер банкир аң уулоо учурундагы "күтүлбөгөн окуядан" улам каза болгон деген бүтүмгө келишкен.

Окуя болгон учурда машинада маркум менен чогуу болгон ишкер Муратхан Токмади "Кокустуктан адам өлүмүнө алып келүү" беренеси менен айыпталып, бир жылга эркинен ажыратылган болчу.

Былтыр иш кайрадан каралган. Токмади Татишевди өлтүргөнүн моюндап, мындай кадамга Мухтар Аблязовдун басымы менен барууга аргасыз болгонун айткан. Март айында Токмади 10,5 жылга эркинен ажыратылган болчу.



Дагы: sputnik.kg, фото -   Sputnik / Серикжан Ковланбаев