Төрөбөй тургула. Россияда вакцина сайдырып жаткандарга эскертүү берилди

16 сентября 2020 Төрөбөй тургула. Россияда вакцина сайдырып жаткандарга эскертүү берилди

Россиянын адистери "Спутник V" вакцинасынын каттоодон кийинки изилдөөлөрүнө катышкан аялдарга бир катар сунуштарды бергенин РИА Новости жазды.

Ага ылайык, эмдөөдөн кош бойлуулар өтө албайт. Ал эми боюнда болуп калган ыктыярчылар көз жарганга чейин дарыгерлердин көзөмөлүндө болмокчу.

"Изилдөөгө катышам дегендерге балалуу болбой туруу, ал эми наристеси барларды эмизбөө сунушталат. Ошондой эле вакцина алгандан үч айга чейин урук клеткасынын донору болуп берүүгө тыюу салынат", — деп айтылган маалыматта.

Россиянын окумуштуулары коронавирусту профилактика кыла турчу дүйнөдөгү биринчи вакцинаны чыгарышты. Ал "Спутник V" деп аталат. Москвада изилдөөдөн өткөн вакцина менен эмдөө башталды. Россиянын саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко коронавируска каршы вакцинаны 300 киши алганын билдирген.

Жакында эле препараттын биринчи партиясы жалпы колдонууга чыккан. Ошондой эле клиникалык сыноолордун үчүнчү этабы башталып, ага 30 миңден ашуун ыктыярчы тартылган.

sputnik