Уул бала тарбиялаган энелерге кеңеш

16 сентября 2020 Уул бала тарбиялаган энелерге кеңеш

Уул баласы бар энелер мекен коргоочусун, өлкө үчүн жоопкерчилиги чоң, чыныгы атуулду тарбиялашы керек экендигин түшүнүшү керек. Уул тапкан энеде өзгөчө сыймыктануу, мактануу пайда болот. Бирок, кээде энелер өздөрү байкабай ката кетирип алышат. Уул бала өстүрүп жаткан энелер төмөндөгү каталарга жол бербеши керек.

Баланын жасаган иши канчалык күлкүлүү болсо да, күлбөңүз. Эгер күлгөн болсоңуз, анын себебин түшүндүрүүгө аракет кылыңыз. Мисалы: “Сендей кичинекей баланын чоң кишилер сыяктуу сүйлөшү мен үчүн кызык. Мен сени менен сыймыктанамын!” деген сөздөрдү айтыңыз.

Уулуңуздун каталарын анын көзүнчө башкалар менен талкуулабаңыз. Бул баланын өзүн-өзү баалоосуна терс таасирин тийгизет. Өзгөчө 4-7 жаш аралыгындагы балдар үчүн. Натыйжада балаңыз келечекте сизге болгон ишенимин жоготуп, кемчиликтерин, көйгөйлөрүн жашырат, же ката кетирбеш үчүн эч нерсе кылбай коёт. Мындай балдар жалкоо болуп чоңоёт.

Баланын көз карашы, ою менен эсептешпөө. Балаңыз менен сүйлүшүп отуруп, өзүнүн кылган иштерине жооп бериши керектигин үйрөтүңүз! Жоопкерчилик – уул баладагы негизги сапаттардын бири. Бардык эле эркектер үй-бүлөсүнүн башчысы, коргоочусу боло албайт. Ошондуктан, уулдун тарбиясында ата башкы атаандаш, бала ага карап, ошондой болууга аракет кылат. Ал эми эне балага аялды, энени сыйлоого үйрөтүшү керек.

Кыялдарына чек койбоңуз. Уул балдар кыздарга караганда тентек, тынчы жок болот. Эненин жүрөгү дайыма эле ага түтө бербейт. Бала жыгылып, денесин оорутуп алса, эне жарасына көбүрөөк маани берип, аны тыюп баштайт. Кээ бир энелер сыртка чыгарбай, спортко катыштырбай коюшу мүмкүн. Бала спорттун кайсы түрү менен машыгууну кааласа, өз эрки. Мейли футбол ойносун, мейли бокс менен машыксын. Бала өзүнө эмне керек экенин эрте аныктап алганы жакшы. Болгону эне балага ар бир кылган ишине жооптуу болушун үйрөтүшү керек. Мисалы, бала коньки тээп, жыгылып кетти, мындайда эне “Мен сага айттым беле!” деп урушкандын ордуна, “Жарайсың, эгер коньки тебе алсаң, демек топту мындан да мыкты тебесиң” деп балага кубат бериши керек.

Уул баланын алдында кийим алмаштырбаңыз. Бала “мен өзүм жасайм” деп айта баштаганда, ага чоң адамдай мамиле кылып, аны эркине коюу керек. Бала келечекте башка бирөөнүн жары болот. Ошондуктан, өзүм билемге салбай, баланы булкуп-жулкуп кийиндирбей, өзүңүз да анын көз алдында кийим алмаштырбай жүрүңүз.

Уулуңуздун эрдинен өппөңүз. Эринден өбүү – бул сексуалдык мүнөздөгү иш-аракет экенин унутпаңыз. Эринден өбүү менен эне мээриминин ортосунда эч кандай жакындык жок. Сүйүүңүздү билдирүү үчүн баланы кучактап, жылуу сөз айтып, чекесинен өөп коюу жетиштүү.