«Биримдик» демократиялык социализм – Евразиялык тандоо» партиясынын үгүт кербени Жалал-Абад жергесинде эл менен жолугушууларын баштады. Талапкерлердин алгачкы жолугушуусу Токтогул районунун тургундары менен болду.
Партия лидеринин орун басары Төрөбай Зулпукаров Токтогул районунун тургундары менен болгон жолугушууда добуш берүү жарандардын конституциялык укугу, жарандарыбыз ага жоопкерчилик менен мамиле кылуусу зарыл экенин айтты. Жергиликтүү бийлик органдарын бардык партияларга тегиз карап, тигил же бул партияга кандайдыр артыкчылык берүү аракеттеринен алыс болууга чакырды.
Андан ары сѳзүн улаган Зулпукаров: «Биримдик» партиясы кимге жакса ал ошонун партиясы. Мугалимге жакса мугалимдики, дарыгерге жакса дарыгердики, фермерге жакса фермердики. Биз партияны диктатордук башкарууга, партиянын бийлигин бир колго башкарууга бербейбиз, - деп билдирди.
Булак: facebook.com