Дүкөндө сатылган шире баланын ден соолугуна зыян тийгизет

15 сентября 2020 Дүкөндө сатылган шире баланын ден соолугуна зыян тийгизет

Дүкөндө сатылган, пакеттелген ширени бала дайыма ичсе ден соолугуна зыяны тийиши мүмкүн. Бул тууралуу диетолог-дарыгер Анжелика Дюваль билдиргенин Известия маалымат булагы жазды.

Дарыгер балдарга шире эмес, жемишти көбүрөөк берүү керектигин айтат.

"Жаш балдарга пакеттеги ширелерди көп ичирүүгө тыюу салынган, ал нукура азык эмес. Андан көрө жемиштин өзүн берген пайдалуу. Себеби анын курамында ар дайым клетчатка болот. Ал мөмө-жемиштен алынуучу канттын деңгээлин төмөндөтүүчү касиетке ээ. Булардын дагы бир пайдалуу жагы - балдардын али калыптана элек тамак сиңирүү органдарына, айрыкча уйку безине зыян келтирбейт", — деди дарыгер.

Адис белгилегендей, азыркы коомдогу балдардын уйку безине кошумча оордук түшүшү мүмкүн. Себеби алардын ичкен тамак-ашында таттуу көп болгондуктан, диабеттин пайда болушуна алып келиши мүмкүн.

Дюваль ата-энелерге балдарына суусундук же компот даярдап берүүнү сунуш кылган. Ал эми жаңы сыгылган нукура шире кантка өтө бай болгондуктан аны кээде гана ичирген туура деп эсептейт. Деген менен диетологдун айтымында, дүкөндө сатылган ширеге караганда жаңы сыгылган ширеде табигый витаминдер көбүрөөк сакталат, ошондуктан алар пайдалуу.

sputnik