Сириядагы Ислма мамлекетин жок кылуу менен террористтик коркунуч жок болуп кеткен жок. Адам жана финансы ресурстарынын чоң жоготуулары согушкерлердин стратегиясын өзгөртүүгө алып келди: эгер мурда алар ачык каршы турууга чакырышса, азыр өзүн-өзү жок кылууга даяр турган жашыруун террористтик тармакты түзүү аракетинде жүрүшөт. Мындай пропаганданын жыйынтыгы болуп Борбор Азияда “уктап жаткан” террористтик ячейкалардын жандануусуна алып келиши мүмкүн, деп эсептейт Казакстан Республикасынын биринчи президентинин фондунун алдындагы Дүйнөлүк экономика жана саясат институтунун серепчиси Диана Диханбаева. Ал региондо террористтик коркунучтар канчалык кооптуу, кайсы өлкөлөр анын алдынча кыйла алсыз экендиги жана мамлекеттер эл аралык терроризм менен күрөшүү үчүн эмне кылып жатканы тууралуу айтып берди.
- Диханбаева айым, айрым серепчилер потенциалдуу туруксуздук корукунучу Жакынкы Чыгыштан, Сириянын аймагынан кетип, бирок Түштүк чыгыш жана Борбордук Азияда орун алып жатышат деп айтышууда. Бул чынында эле ошондойбу?
- Ооганстандын түндүгүндө террористтик топтордун позицияларынын бекемделишине байланыштуу Борбор Азияга террористтик топтун жайылуу мүмкүндүгү өсүп жатат. мисалы, Орусиянын ТИМнин башчысынын орун басары Олег Сыромолотов түрдүү маалыматтар боюнча Ооганстанда Ислам мамлекетинин 4 миңден 10 миңге чукул активдүү согушкерлери эсептелинүүдө, алардын дээрлик тең жарамы өлкөнүн түндүгүнөн орун алышкандыгын белгиледи.
Радикалдардын лидерлери зомбулукту жасашы жана Борбор Азия өлкөлөрүнө, баарынан мурун Тажикстанга жана Фергана өрөөнүнө куралдуу басым жасоону күчөтүшү мүмкүн деген тобокелдиктер бар.
Террористтик уюмдардын жана баңги зат мафиясы менен улуттар аралык уюшкан кылмыштуулуктун туруктуу байланыштары дагы кооптонуу жаратат. Баңги зат мафиясы эл аралык террористтик уюмдардын ишин каржылайт, алардын катарына согушкерлери тартат.
БУУнун маалыматы боюнча, ооган баңги зат трафигинин 25-35% “түндүк маршруту” аркылуу, башкача айтканда Борбор Азия мамлекеттеринин аймагы аркылуу өтөт. Муну менен, бул көйгөй күч алып, регион үчүн чоң сырткы коркунуч болушу мүмкүн, бул баңгилердин санынын өсүшүнө, баңги зат менен байланышкан кылмыштуулуктун, ошондой эле террористтик жана экстремисттик топтордун ишин каржылоонун өсүшүнө алып келиши мүмкүн.
Ислам мамлекетинин натыйжасын жана кубаттуу улуттар аралык пропаганданын резонансын эсептен чыгарууга мүмкүн эмес, алардын борборлору Ооганстандын түндүгүнө жана түндүк-чыгышына жайгашууну жана Борбор Азиянын бир катар өлкөлөрүндө уктап жаткан ячейкалардын активдешүүсүнө алып келиши мүмкүн болгон, бирок “глобалдуу жихад” идеологиясынын катуу таасири алдыда турган “ислам тартибинин” кандайдыр бир утопиялык идеалын жайылтууну улантып жатат. Борбор Азиядагы кырдаалды туруксуздаштыруу Түндүк Кавказда - Дагестанда, Чеченстанда, Кабардин-Балкар жана Ингуш өлкөсүндөгү ячейкалардын “ойгонуусуна” таасир этиши мүмкүн.
Ооганстандагы радикалдардын күч алышы Борбор Азия өлкөлөрүндө террористтик коркунучтун кыйыр күч алышына алып келиши мүмкүн.
- Казакстанда террористтик коркунуч кырдаалы кандай?
- Бүгүнкү күндө Казакстанда укук коргоо органдарынын жана атайын кызматтын жүргүзгөн активдүү активдүү иш-чараларынан улам келген согушкерлер кошулуп кете турган террористтик уюмдардын уюшулган ячейкалары түзүлгөн жок. Казакстанда бирдиктүү борборлоштурулган террористтик уюмдар жок, алардын уюштуруучулук инфра түзүмү алсыз. Автономдуу ячейкалар бар, алар тармактык принцип менен иш алып барышат: алар бардык өлкө боюнча чачылган жана өз ара байланышы жок. Аларда эл аралык террористтик уюмдар менен тыгыз жана системдүү байланыш жок, бирок алар ошолордун идеологиялык басымы алдында турат.
- Борбор Азия өлкөлөрүнөн чыккан канча киши Жакынкы Чыгышта орун алган террористтик уюмга тартылган? Бүгүнкү күндө террористтер тарапта согуштук операцияларга катышуу үчүн Жакынкы Чыгышка региондун өлкөлөрүнөн чыккандардын миграция байкалабы?
- The Soufan Center жүргүзгөн изилдөөгө ылайык 2017-жылдын февралына карата Сириянын жана Ирактын террористтик уюмдары тарабынан Борбор Азия өлкөлөрүнөн 5000 киши тартылган, алардын 500гө чукулу туулган өлкөсүнө кайтып келген. Сирияга жана Иракка Казакстандан 500дөн ашык адам, Кыргызстандан 500дөн ашык адам, Тажикстандан 1300 жаран, Түркмөнстандан 400дөн ашык адам жана Өзбекстандан 1500дөн ашык адам барган.
Азыркы учурда Ислам мамлекети жок кылгандан кийин Сирияда согушкерлердин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн башка региондорго, анан ичинде туулган жерлерине кетүүсү катталган. Мисалы, Сириядан Казакстанга 125 киши кайтып келди, 57 киши соттолду. Ошондой эле көпчүлүк согушкерлер Ооганстандын түндүк провинцияларына багыт алган.
Тилекке каршы, жалган мамлекеттин физикалык түрдө жок болуу деле анын толугу менен жок болуусун билдирбейт.
Чынында, адамдык жана финансылык ресурстарды жоготуу менен Ислам мамлекетинин стратегиясы түп тамыры менен өзгөргөн. Буга далил катары террористтердин маалымат ресурстарындагы жолдомолорунун мүнөзүнүн өзгөрүшү болуп саналат.
Буга чейин Ислам мамлекетинин идеологдорунун баяндамаларынын негизги мааниси Жакынкы Чыгышта “таза ислам мамлекетин” түзүү болгон жана аны анын кызыкчылыктарын коргоо үчүн Ирак менен Сирияга баруу керек эле, аны куралдуу хижад жолу менен түзүү керек болгон. Азыр Ислам мамлекетинин идеалы өзүн-өзү курмандыкка чалууга даяр жашыруун террористтик тармак болуп калды. Ислам мамлекети өзүнүн тарапташтарын куралдуу зомбулукту активдештирүүгө чакырууну улантууда. Мисалы, 2018-жылы Ирандагы, Иорданиядагы, Египеттеги, Ооганстандагы жана башка өлкөлөрдөгү жардыруулар үчүн жоопкерчиликти өзүнө алды.
- Ооганстан өзүнчө тема болуп саналат, ал жакта Талибан бийликке келүүнү каалап жатат, када калса айрым провинцияларда кырдаалды контролдоп жатышат. Орусия талибдер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат, ал эми акыркы убакта Өзбекстан активдешип, ал дагы алар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Мындай демилге кайдан башталды? Эмне үчүн Борбор Азиянын башка өлкөсү эмес, дал Өзбекстан аянтча катары тандалып алынды?
- Өзбекстанда ооган багытында ар дайым өзүнүн кызыкчылыгы бар эле, ал эми бийликке Шавкат Мирзиёев келгенден баштап аталган багыттагы иш жанданды. Биринчиден, Өзбекстандын бийлиги Ооганстандагы өнөкөт туруксуздук терс таасир тийгизип, Өзбекстандык улуттук коопсуздугу үчүн коркунучтун деңгээлин жогорулатып жатканын жакшы түшүнүүдө. Экинчиден, Ооганстан Өзбекстан үчүн экономикалык кызыкчылык жаратат, өзгөчө энергетикалык сектордо.
Бүгүн Өзбекстандын жаңы жетекчилиги өлкөнүнү позициясын бекемдөө жана чет элдик инвестицияларды тартуу үчүн тынчтыкты орнотуучунун ролун аткарып, өлкөнү регионалдык хабга айлантууну каалап жатат
Мисалы, өзбек дипломатияся 2018-жылдын мартында Ооганстан боюнча жогорку деңгээлдеги эл аралык Ташкент конференциясын өткөрүү учурунда активдүү ишин көрсөттү. Конференциянын жыйынтыгы боюнча Ташкент Декларациясына кол коюлду, ал Ооганстан, Орусия, АКШ, Уулуу Британия, Иран, Кытай, БУУ жана башкалар тарабынан кабыл алынды. Муну менен, Өзбекстан өзүн регионалдык ортомчу ролунда жана ооган саясатынын факторунда көрсөттү, бул эл аралык деңгээлде өлкөнүн позициясын бекемдеди.
- Сириядагы каатчылыкты жеңүү Астана форматында кыйла натыйжалуу өттү, деп эсептейт орусиянын ТИМнин башчысы Сергей Лавров. Анын сөзү боюнча, дал ушул себеп боюнча мындай түзүм бир ктар дүйнңлүк оюнчулар тарабынан кол салуу объектиси болуп калат. 27-октябрда Стамбулда Орусиянын, Түркиянын, Германиянын жана Франциянын лидерлеринин жолугушуусу өттү, анда Сирияда саясий жөнгө салууну алдыга жылдыруу маселеси талкууланды. Ушул багыттагы жетишкендик кандай, эмнени чече алышты, келечеги кандай болот?
- Астана процесси Сириядагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча негизги ролду ойноду.
Астана процессинин маанилүү жетишкендиктеринин бири деэслокация заноларын түзүү болуп калды. Ал Сириядагы кырдаалды жөнгө салууда жана 2011-жылдан бери уланып келе жаткан, 470 000 адамдын жанын алып кеткен согуштук аракеттерди токтотууда жаңылык болуп калды.
Азыркы күндө Астана процесси Леванта регионнунда тынчтыкты калыбына келтирүүнү улантып жатат. Мисалы, 2018-жылдын 7-сентярында Тегеренда өткөн жана кийинки 2018-жылдын 17-сентярында Түркия менен Орусиянын башчыларынын жолугушуусундагы сүйлөшүүлөрдүн онунчу раундунда Идлибде жаңы демилитаризацияланган зонаны түзүү жөнүндө макулдашууга жетишти.
Орусия, Түркия, Германия жана Франциянын лидерлеринин саммитинин маанилүүлүгүн да белгилей кетүү керек, ал 2018-жылдын 27-октябрында Стамбулда өттү, анткени ал Астана процессинин форматында андан ары чечүүнү талап кылган көйгөйлөрдү белгиледи.
Астана процессинин 11-раунду 28-29-ноябрда Астана өтөт. Болжолдуу жолугушууда Сириянын аймактык бүтүндүгүн камсыз кылуу, адилеттүү шайлоолорду өткөрүүгө даярдык, коопсуздук зоналарын чечүү, согуштун жүрүшүндө талкаланган шаарларды калыбына келтирүү, ошондой эле терроризм менен үзгүлтүксүз күрөшүү зарылдыгы жөнүндө маселелер чечилер.