Туздалган бадыраңды кандай оорусу барлар жебеш керек? Дарыгердин кеңеши

14 сентября 2020 Туздалган бадыраңды кандай оорусу барлар жебеш керек? Дарыгердин кеңеши

Гипертониялык жана ашказан-ичеги оорулары бар адамдар туздалган бадыраңды азыраак жеш керек, ал тургай аны тамак-аштын тизмесинен чийип салганы оң. Бул тууралуу дарыгер-проктолог жана онколог Елена Смирнова билдирди.

РИА Новостиге чыккан макалада жазылгандай, дарыгер муун, табарсык дарттары менен жабыркагандарга да бул азыктан оолак болууга кеңеш берген. Туздалган бадыраң гастрит, ашказанында жарасы барларга да бычак. Ошондой эле кош бойлууларга да сунушталбайт. Анткени ал шишитип жиберет.

Башка учурларда туздалган бадыраң жесе болот. Адис белгилегендей, бул азык микрофлораны жакшыртып ден соолукка жалпы жонунан пайдалуу.

sputnik