Жараат алып, Москвага кеткем. Бала "уурдагандарды" кармаган кыргыз жигиттин баяны

14 сентября 2020 Жараат алып, Москвага кеткем. Бала "уурдагандарды" кармаган кыргыз жигиттин баяны

Спорттун чебери, жеңил атлетика боюнча Кыргызстандын курама командасынын мурдагы мүчөсү учурда Москвада эмнеликтен курьер болуп иштеп жатканын, россиялык блогер уюштурган тамаша торго кантип түшкөнүн айтып берди.

Россиялык блогер Михаил Литвиндин пранкы (тамашасы) интернетте көп талкууланды, видео миллиондон ашуун кишинин купулуна толду. Тамашанын каарманы – бала "уурдагандар" менен мушташа кеткен кыргызстандык Азамат Нуржанов. Сценарий боюнча блогер жолдо өтүп бараткан кишиден тестиер балага көз салып турууну өтүнөт, анан эркек баланы бейтааныш бирөөлөр уурдап кетүүгө аракет кылышат. Sputnik Кыргызстан социалдык тармакка дүң болгон мекендешти таап, баарлашып, окуянын чоо-жайын билди.

— Ошол күнү эмне болгонун айтып берсеңиз?

— Буюртмаларым аябай көп эле, баарына үлгүрөйүн деп шашып жүргөм. Кезектегисин алып, көчөдө бараткам. Бир жаш жигит кичүү инисин карап турууну өтүндү. Документтерге тезинен барып келе каларын айтты. Башында көнгөн жокмун, бирок жигиттин жалбарып жибергенинен улам инисине көз салып турмак болдум.

Бала менен турганымда артымдан машина келгенин элес албапмын. Андан экөө түшөт. Бири баланы кармап алып, экинчиси мени түртүп кирди. Эрксизден ургулап кирипмин...

Эмне болуп жатканын түшүнбөдүм, эч ойлонбостон алардан баланы алып калууга тырыштым. Баары көз ачып-жумганча болуп кетти. Автоунааны көргөндө баланы уурдаганы келишкенин аңдадым. Жанымды таштап, мушташып кирдим. Жолтандабастын каалгасы жабылсын деп эки жолу тептим, бирок жаба албай калдым (жылмайып).

Оң жактагы бала кооптуу туюлду, анткени колдору бош эле. Ошол жактан соккуну күткөм. Колунда бычак же электрошокер болсо, эмне кылам деген ойлор келди. Өзүмдү-өзүм коргоо үчүн тепкенимди азыр интернеттен жайлатып көрсөтүп жатышпайбы...

Ошондон кийин ал жигиттер: "Бул пранк, пранк!" деп кыйкырып, элдешүү ниетинде кучактоо үчүн жаныма келишти. Мен блогер, вайнер, пранкерлердин жашоосуна дегеле кызыгып көргөн жан эмесмин. Эгер Михаил Литвин белгилүү спортчу болсо, балким таанымактырмын.

Айтмакчы, анда мен "пранк" эмне экенин деле түшүнгөн эмесмин. Ниеттерин билдиргенде гана бул тамаша экенин түшүндүм. Ошол маалда Литвин чуркап келип, менин акыбалыма кызыгып, "актерлор" мага зыян келтирип-келтирбегенин тактады.

Ал эми менин оюмда "буюртмалар эмне болду, мушташта тамак салынган баштык айрылган жокпу?" деген түйшөлүү бар эле... Эгер бузулса, жетекчиликке түшүндүрүш керек, айып пул төлөгүң келбейт эмеспи. Кудай жалгап, аным эч нерсе болбоптур. Баары жакшы аяктаганына сүйүнүп тез эле ал жерден кетип калгам. Бирок бир топко дейре "оюн эмес, чындап баланы уурдашса эмне болмок" деген ойлор мени эзип жүрдү. Коркконумду да жашырбайм...

Ары-бери өткөндөрдүн да кайдыгер болбогону көңүл жылытат. Каптал жактан бир киши кыйкырып биз тарапка келе жатканын байкагам. Ошол мага дем берди, ал кылмышкерлердин бирин, мен экинчисин токтотом деп ойлодум.

Оюн экенин билген соң башка эркектердей эле бир сыйра сөгүнүп алдым. Негизи мен андай тамашаларга каршымын, оюндан от чыгып, адам тегин жерден жабыр тартып калышы ыктымал. Анан да сени мазактап жатышкандай сезимде каласың. Сен бир өмүрдү сактап калууга бүт дитиң менен күрөшөсүң, ал эми уюштуруучулар: "Кечир, бурадар, бул тамаша!" – деп кутулушат.

— Москвада башка адамдарды куткарып, эрдик кылган кыргыздар аз эмес...

— Балким каныбыздар бардыр. Кылымдардан бери кыргыз жигиттери өз калкы үчүн өмүрүн берүүгө даяр, бул муундан-муунга өтүп келет... Азыр гана бир нерсени түшүндүм. Сыртта акча табуу оңой эмес тура, тобокелдик арбын. Курьердин иши негизи эле кооптуу, бирок аны ойлонгон ким бар?

— Москвада жашаганыңызга канча болуп калды?

— Биринчи эле жыл. 3-февралда, дал карантиндин алдында учуп келгем. Травмадан кийин акча табуунун жолун издешим керек эле.

Былтыр сентябрда Стамбулдагы марафондо бутумду кокустатып алгам. Бишкекте үч ай жатып дарыландым. Мындан ары эмне болот, кесибимден оолак кантип турмуш кечирем деген санаага баттым.

Жыл жаңырганда кеңешип, баталарын алуу үчүн айылдагы ата-энеме бардым. Атам 13 жыл менин машыктыруучум болгон, бир жыл тыныгып, үйлөнүшүмдү күткөн. Ал эми мен чет өлкөгө иштеп келүүнү ойлоп, Түркия менен Россияны караштыргам. Ошентип, Москвага келип, ресторандардын бирине курьер болуп орношком.

— Эмнеге курьерликти тандадыңыз?

— Башында башка ишти, мисалы, ашпозчу болгум келген. Бирок алар тез салмак кошот эмеспи, андай болуп калса, формамды бузуп алам. Ошондуктан көп жөө басканым оң. Таңда жана кечке жуук машыгам, күндүзү курьер болуп иштейм. Анан да мага тамак жеткирген жакты, көчөлөрдү кыдырасың, элди, имараттарды көрөсүң. Калаа турмуштун кызыгы дал көчөдө эмеспи. Курьердик чөйрөдө Орто Азиядан келгендер: кыргыздар, өзбектер толтура. Баары жаш, күч-кубатка толгон адамдар.

— Спорт менен профессионалдык түрдө машыгасызбы?

— Мен да атам сымал эле жеңил атлетчимин. Узак аралыкка чуркоо боюнча спорт чеберимин, жеңил атлетика боюнча Кыргызстандын курама командасынын мурдагы мүчөсүмүн. Байгелүү орундарды көп ээлегем. Былтыр май айында Ысык-Көлдөгү марафонго катышкам.

Спортко бала чагымдан аралаштым. Окуучу кезде үч чакырымга чуркап, бара-бара аралыкты узарттым. Ошентип, 42 чакырым 195 метр аралыкты түзгөн марафондорго катышууга жарап калдым.

— Үй-бүлөңүз туурасында билсек?..

— Талас облусунун Манас айылында туулуп-өстүм. Ата-энем – педагог кишилер. Аябай сонун адамдар, аларга аябай ыраазымын. Үй-бүлөнүн тун уулумун, иним менен карындашым бар. Учурда иним да Москвада, ашпозчу болуп эмгектенет. Карындашым али мектепте окуйт.

— Эмне жөнүндө кыялданасыз?

— Спортчулардын баары олимпиадага катышып, байгелүү кайтууну самайт. Спорттук карьерадан көптү күткөм, бирок өмүрдө баары тегиз сен ойлонгондой боло бербейт экен. Ар кандай себептер менен даярдык машыгууларына катыша албай калып жүрдүм. Бирде акча жетпейт, кээде башка себеп чыгат. Азыр бир үмүт жанды, иним экөөбүз мээнеттенип жүрөбүз. Баары жакшы болот.

Жашым  29да, азырынча бойдокмун. Анткени спортто карьера куруу далалаты менен көпкө жүрүп калдым. Эми үй-бүлө күтүү жөнүндө ойлонуп, колукту караштырып жүрөм.

— Болочок келинчегиңиз кандай болууга тийиш?

— Бардык эле кыргыздар өңдүү ыймандуу, карапайым кыз болушу, улууларды урматташы мен үчүн чоң мааниге ээ. Анын милдети – жолдошунун жакындарын сыйлап, кабыл алуу. Ар бир бойдок кыргыз жигиттин тилеги ушул, мен деле ошол ойдомун.

— Жанагы тамаша турмушуңузга таасир эттиби?

— Жашоо өз нугунда. Жумуштагылар ошол окуяны укканда ойлонбостон баланы арачалап калуу аракетим үчүн мени макташты. Интернетке тасма чыккандан бери мага социалдык медиадан көп жазышчу болду. Жаштар эле түгүл, улуу кишилер дагы ыраазычылыгын, мындай адамдар менен сыймыктанарын билдиришүүдө. Айрымдар ошол тасманы көрүп, өз балдарын ошондой кырдаалда элестетип, ыйлап алышканын жашырышпайт... Ал эми менин оюмдан "ошол окуя оюн эмес, чындап болсо жыйынтыгы эмне болмок?" деген санаа кетпейт десеңиз...

sputnik