Төмөндө коомчулуктун, жөнөкөй элдин кыжырын кайнатып, бир топ сын-пикирдин себепчиси болгон өзөктүү маселе туурасында кеп болот.
Соңку айларда өлкөгө таанымал бир нече адамдын балдарынын кылмышка шектелип кармалап жатышы, Жогорку Кеңешке талапкерлердин катарында мурдагы жана азыркы мамлекеттик кызматкерлердин, эл өкүлдөрүнүн уул-кыздарынын жүрүшү мени ушул макаланы жазууга мажбур кылды.
Биз советтик учурда айылдык мектепте окудук. Ошол кезде алыскы кыштактагы окуучулардын арасында да "чоңдордун балдары" деген түшүнүк бар эле. Алар колхоз жетекчилеринин балдары, кыздары болуп, кийингени, көтөргөн сумкасы гана эмес, бизге өктөм сүйлөгөнү менен да өзгөчөлөнүп турчу. Агай-эжейлердин бир тобу да аларга абайлап мамиле кылчу. Кийин бир аз чоңоюп, студент болуп эртеден-кечке, кээде ай жарыгында да колдорубузду чанакка тилдирип пахта терип жүргөнүбүздө, облустук бир чоңдун тууганы суранбай эле кетип калып эртеси атактуу номердеги кара "Волга" менен келип агайларыбыздын эсин оодарганы бар. Ошол эле жылы дагы бир атактуу чоңдун баласы өз жанын өзү кыйып окуу жайыбызды кыйсыпыр түшүргөн.
Мындай "чоңдордун балдары" – түбөлүктүү проблема, социалдык, педагогикалык, психологиялык көйгөй. Кезегинде ушундайларды Теңир-Тоонун Курткасынан чыккан Байымбет Абдырахманов (Тоголок Молдо) "Кемчонтой" деген казалында келиштирип жазып салган экен. Кемчонтойдун атасы паракор, дүйнө кууган, байлыктын артынан түшкөн, ал кезде казы деп аталган кызматты аркалаган киши болгон. Мезгил жетип ошол бай атасы каза болот да, анын акмак баласы атасы жыйып-терген байлыкты оңго-солго чача баштайт. Чачып тез эле какшытат. Апасы ушул балам оңолор бекен деп малдын күчү менен Багдагүл деген акыл-эстүү кызды алып берет. Ал да Кемчонтойду оңдой албайт. Баягы бойдон кала берет. "Кемчонтойдо эс барбы, унутуп калат урганын, жүрө берет сенделип, ойлобойт жандын жыргалын, нандын атын унутуп, Кемчонтой айтат жалпак деп, калпагын айтат байпак деп, байпагын айтат талпак деп".
Далайларды ыйлаткан "чоңдордун балдары"...
Мына ушул кемчонтойчулук азыр болуп көрбөгөндөй деңгээлге жетти. Өткөн күндөргө кылчайсак, далай ата баланын азабын тарткан, аларга "атасындай экен деп" кызын берип алгандар, атасынын баркы менен кызматка коюп алгандар кийин зар какшаган. Алыс жылдарга барбай эле өлкөбүздүн эки президентинин да "эл караган бетин жер караткандар", качкын болушуна себепкер болгондор чынында балдары экенин дайым айтып келерибизди дагы бир эстеп койсок ашыкча болбос...
Албетте, аткиминерлердин баарынын балдары деп айтуудан алыспыз, бирок сөз эл арасындагы атактуу атасын жер караткандар туурасында болуп жатат.
"Чоңдордун балдары" акчалуу, машинаны түрлөп минет, атасына айтып кызматтарды сатат, укук коргоо кызматкерлерине баш иймек түгүл, керек болсо аларды атып да кетет. МАИлерде "чоңдордун балдары экен, тоспой эле кой" деген сөз бар, алар мыйзамга баш ийбейт да, токтоп да койбойт.
"Чоңдордун балдары" кылмыштуу топтор менен иштейт, ар кандай мыйзамсыз жолдор менен баюунун башында турат. Атасы министр болсо, атасы депутат болсо, атасы губернатор, аким болсо – анын машинасы, дачасы, дагы бир катар жеңилдиктери баласына да кызмат кылат.
"Чоңдордун балдары" бизнес ачып алган, салыкчылар да, бажычылар да, деги койчу, башкаларга бал аарыдай жабыша калган "текшерүүчүлөр" булардан жаа бою качып турат, албетте, "жыландын куйругун тебелеп алуу" алар үчүн кызматынан кол жууш менен барабар эмеспи.
Баары дебейм, бирок азчылык да эмес, ушундай "чоңдордун балдарын" кантип тарбиялап, аларды эл катары жашоого, иштөөгө кантип үйрөтүү керек?
Алардын чалчактап өсүшүнө ким күнөөлүү?..
Мында эң биринчи кезде ата-эненин кылдат көзөмөлү, таалими зарыл. Балдарын аталар, көбүнчө энелер ашкере эрке кылып салат, бала наристе чагынан эле чалчалактап, кийбегенди кийип, ичпегенди ичип, башка балдардан өзүнчө бөлүнүп калат, бара-бара ата-энесин да тоготпой, бардык нерсени өзү билемдикке салып адамдарды теңине албай көбөт. Ушул кезден ата-энеси дагы дале баласын коргоп, милициядан да, прокуратурадан да, соттон да кургак сууруп чыгат, ал гана эмес, акчанын күчү менен баласынын ордуна башка бирөөнү салып берип да коюшат. "Чоңдордун балдары" үчүн бир бей-бечаранын баласынын тагдыры талкаланат.
Эл ичинде кадыры бар кишилер эң биринчи кезекте өз балдарын оңдошу керек. Казак ойчулу, акыны Абай Кунанбай уулу эмне дейт дебейсизби: "Эгер мамлекет менин колумда болгон болсочу, адам баласын оңдоп болбойт деген кишинин тилин тыйып койгон болор элем". Анын айтуусу боюнча, адамдын баласы болгон соң, мейли, ал бир чоңдун эркеси болсо да оңдолот, түзөлөт, кыйшык баскан жерин түздөөгө болот. Ошол Абай атак-даңкка жетип, казак-кыргызга таанымал акын болгон кезде атасы менен ат бастырып баратып, атасы Кунанбайдан мактана сурайт имиш: "Ата, мына мен атактуу акын болдум, казактын баарына таанылдым, атадан кыйын бала болдумбу, сага жеттимби", - деп.
Антсе атасы айтыптыр: "Аның ырас, балам, бирок мен деген казак-кыргызга таанымал акынды – сени тарбияладым, сен дагы менин уулумдай бир уул тарбияласаң, анан атадан артык уул болосуң", - дептир. Ошол атанын башын жер караткан эмес, эл караткан бала тарбиялайлы...