Үйдүн ичинде отурабы, же сыртындабы? (тест)

11 сентября 2020 Үйдүн ичинде отурабы, же сыртындабы? (тест)

Сиздин кандай экениңизди айтып берүүгө бир сүрөт менен бир мүнөт жетиштүү. Сүрөттү 1-3 секунд караңыз. Эми суроого жооп бериңиз: бала үйдүн ичинде отурабы, же сыртындабы?

ҮЙ ИЧИНДЕ отурат дегендер – эмоциясын да, таарынычын да, сырын жана кайгысын да ичинде сактай турган адамдар.

  • Уруш-талаштан өзүн ыраак кармаганга аракет кылышат.
  • Кимдир бирөө аны менен талаша турган болсо, актанып, далилдеп аракет кылбайт.
  • Башканыкы туура эмес болсо да, ага макыл болуп, талашты токтотууга аракет кылат.
  • Мүнөзү татаал. Бөлөктөргө сабырлуу адам көрүнөт.
  • Тынчтыкты биринчи орунга коёт, ошон үчүн эч ким менен талашып, тартышпайт.
  • Башкалардын тынчтыгын бузбайт жана өзүнүкүн да бузууга жол бербейт.
  • Көпчүлүктү сүйбөйт, жалгыздыкты жактырат.
  • Кээде “мени эч ким түшүнбөйт” деп ичтен капа болот. Анткени, кайгысын да, кубанычын да бөлүшпөйт.
  • Өзүнүн акылына, күчүнө ишенет.
  • Айтар сөзүн,  кылган ишин ойлонуп жасагандыктан, көп ката кетирбейт.

Башкысы, буларды үй-бүлөсү, жакындары ар дайым баалайт, зарыл кезде жардам берет деп ишенет. Бирок, мындай адамдар ичиндеги кайгы-муңун жакындарына айтып үйрөнсө, жашоосу кыйла жеңил болот.

ҮЙ СЫРТЫНДА дегендер – өзүнүн пикири менен эмоциясын дароо билдире тургандар. Ичине эч нерсе сактабайт.

  • Чындыкты айтканды жактырышат, ошон үчүн булардын достору да, душмандары да көп.
  • Көңүлүн калтырган адамдан бат эле кол үзүп, жаңы тааныш күтүүдөн коркпойт.
  • Көптүн көңүл чордонунда болгонду жактырат.
  • Мактоо менен сыйды жакшы көрөт.
  • “Эл эмне дейт?” деп башын оорутпайт, элдин ою менен эсептешпейт.
  • Башкалардын кеңешине муктаж эмес.
  • Биринчи жасап, андан кийин ойлонот, ошондуктан көп ката кетирет.
  • Эки жүздүүлөрдү жек көрөт.
  • Өз оюн ачык айтып, баары менен тил табыша алгандыктан, жумушта тез көтөрүлөт.
  • Мугалимдик кесипти тандаса, ийгиликке жетет.

Бардык нерсенин өзүнүн чеги бар. Ичтегинин баарын сыртка чыгарууга да, ичте сактоого да болбойт экенин унутпаңыз.