Кытайдан жыл башынан бери 2,5 миң этникалык казак чыгып кетти

27 ноября 2018 Кытайдан жыл башынан бери 2,5 миң этникалык казак чыгып кетти

Ушул тапта күн чыгыш өлкөсүндө 1,5 миллион казак жашайт.

Жыл башынан бери Кытай жарандыгынан 2500 этникалык казак баш тартты. Бул тууралуу өлкө ТИМинин маалымат кызматынын жетекчиси Айбек Смадияровдун сөзүнө таянып Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Ошол эле учурда кош жарандуулукка шектелип 29 казак жараны кармалганы, бирок анын 15и бошотулганы айтылды. Калган 14ү дагы деле Кытайда кармалып турат.

Смадияровдун айтымында, учурда Кытай казактарды жарандыктан чыгаруунун жол-жоболорун жеңилдетти.

"Эки мамлекеттин тышкы иштер министрликтери сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндөн кийин этникалык казактарга жеңилирээк болуп калды. Азыр деле Кытайдын аймагында жашаган казак жарандары боюнча сүйлөшүүлөр болуп жатат", — деп айтылат макалада.

Маалыматка караганда, Кытайдан кетүүнү казак ЖОЖдорунан бекер билим алууга умтулган жаштар жана тарыхый мекенине кайтып келгиси келген улгайган адамдар каалап жатат.

Ушул тапта күн чыгыш өлкөсүндө 1,5 миллион казак жашайт.



Дагы: sputnik.kg, фото - © Sputnik / Илья Питалев