АТАСЫНАН КОРКУП өскөн КЫЗ күйөөсүнө эркелей албайт

10 сентября 2020 АТАСЫНАН КОРКУП өскөн КЫЗ  күйөөсүнө эркелей албайт

Психологдордун айтымында, кыз баланын атасына же апасына болгон таарынычы келечегине терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

Кыздын энесине болгон таарынычы төмөнкүдөй натыйжаларга алып келет:

  • Жүрөк чакрасы жабалып калат. Мындай абалда кыз кайдыгер болуп, сүйүүсүн билдире албайт, жакын адамына жүрөгүн ача аблайт. Ал өзүн эч кимге керексиз, кадыр-барксыз, жөндөмсүз, бактысыз, курмандык катары сезет.
  • Кыз өзүндөгү аялдык касиетти сезбейт. Кыздын жүрүм-туруму өзгөрүп, кыймыл-аракетиндеги, сүйлөгөн сөзүндөгү, сырткы көрүнүшүндөгү назиктик жоголот.
  • Аял өзүн аял катары кабыл албаса, күйөөсү менен болгон жакындыктагы рахатты сезбейт. Мунун кесепети бир нече ооруга алып келиши мүмкүн.
  • Өзүнүн ким экенин, бул дүйнөгө эмнеге келгенин түшүнбөйт. Анын билген сценарийи – төрөлдү, төрөлгөн соң жашаш керек, убагы келгенде кетиш керек дегенди гана билет.
  • Ал күйөөсүнө көз каранды болуп, өзүнүн жашыруун жарасын айыктыргысы келет. Күйөөсү анын каалаганын аткарууга милдеттүү деп түшүнөт. Ал бүт өмүрүн бир гана күйөөсүнө арнап өтөт.
  • Өз кызы менен болгон мамиледе кыйынчылыктар жаралат. Кызынан өз балалыгын, анда жетпей калган нерселерди көрөт. Бул анын жинин келтирип, жүрөгүндө катылган ачуусун кызынан чыгарышы мүмкүн. Апасына болгон ачуусун кызынан чыгаргандыгы үчүн өкүнүп калат.

Убагындагы жаш бала, азыркы чоң киши муну түшүнүшү керек: кандай эне болбосун, бала тарбиялоодо баары бир ката кетирет. Маанайы чөгүп турган учурда баланы урушкан эмесмин, баласынын колунан келбеген нерсени талап кылган эмесмин деген эне жок чыгар. Эгер ушул нерсеге балдардын баары нараазы болуп, көкүрөгүнө кек сактап чоңойсо, кандай болот? Мындай учурда эне менен баланын ортосунда байланыш үзүлүп, эч бири бактылуу болбойт.

Ошондуктан, апам ушундай ката кетирген деп таарынуунун өзү – чоң ката.  Кыз баланын таарынычы – бул өзүнүн гана көйгөйү, өзүнүн гана жарасы экенин түшүнүү керек. Эгер түшүнбөсө, бактысыз күн кечирери турган нерсе.

Ал эми атага болгон таарынычтын кесепеттери...

Эгер кыз жигиттер менен тил табыша албаса, алардын арасынан өз теңин таба албаса, күйөөсүнө көңүлү чыкпаса, уруш-талаш көп болсо, анын себебин өзүнөн издеш керек. Эң негизги себеби – атасына болгон таарыныч болушу мүмкүн.

Адатта, кыздар болочок жарын атасына окшоштуруп издешет деп айтылат. Бирок, мында атасына окшоштуруу критерийи – сырткы келбети же мүнөзү эмес. Кыз бала атасынын жанында өзүн кандай сезсе, ошол сезимди сездирген жигиттин колун кармап кетет.

  • Кыз атасынан коркуп өссө, кийин күйөөсүнөн да корко турган болот.
  • Атасынын сүйүүсүн сезбей өссө, күйөөсүнүн да махабатына бөлөнө албайт.
  • Атасы жанында туруп өзүн жалгыз, коргоочусуз сезсе, күйөөсүнө таянбайт. Бирок, атасы бербеген нерселерди күйөөсүнөн алганга аракет кылат.
  • Ата-энеси ажырашып, атасы таштап кеткен кыздар күйөөсүнүн түймөдөй катасын төөдөй көрүп, өзүн сатып кеткендей, таштап кеткендей кабыл алат. Күйөөсү болгону убагында телефон чалбай, достору менен кеткенин айтпай койгон учурда ушундай кабыл алат.

Мунун баары анын үй-бүлөсүнө кедергисин тийгизиши мүмкүн. Ата-энесине болгон таарыныч өз бактысына, балдарына зыян алып келбеши үчүн КЕЧИРҮҮ керек. Таарынычты КӨКҮРӨКТӨН да, МЭЭДЕН да алып салыңыз. Өзүңүздү да, башкаларды да кыйнабаңыз. Кечирсеңиз жеңилдеп, тазаланып, маанайыңыз көтөрүлөт. Бул кыйын эмес. Өз кезегинде, КЫЗЫҢЫЗДЫ ТААРЫНТПООГО аракет кылыңыз.